www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Иса Шейшенкулович,  депутат Ирина Карамушкина боюнча коомчулук каттуу талкуу жасап атат. Сиздер эмне унчукпайсыздар?

-Ирина Юревна  кылмыш кылса бирдеме дейт элек да. Ал кылмыш кылган жок,  бирөөнү өлтүрүп же чаап ийген жок. Депутат  ар бир биздин жарандай  эле сөз эркиндигин пайдаланып сүйлөдү. Бирок саясатчылар сүйлөөдө өтө кылдат болушу керек. Бир аз алдын артын карап, ойлонуп, салмактап анан сүйлөө зарыл.  Карамушкинанын  Санк-Петербургдагы форумда сүйлөгөн сөзү туура эмес. Дагы бир жолу айтып кетем туура эмес. Ал бүгүн парламенттен сөз алып сүйлөп  биздин жарандардан кечирим сурады.  Туура эмес айтып алыптырмын деп мойнуна алды. Ал антип айтканы менен бирөөнү таарынтып алайын деген ою болбоптур. Бирок  маселе орчундуу болгону үчүн сүйлөнүп калды. “Мен кыргыз тилдүү балдарды орус тилинде окутуу боюнча волонтерлорду жиберсеңер жакшы болот эле”-деген сөздү айтыптыр.  Ал мойнуна алды, бул туура эмес экенин. Ушуну менен  анын темасы жабык десек болот.

-Демек фракцияда, комитетте анын жоопкерчилиги каралбайт?

-Кылмыш кылса,  мамлекетке зыян алып келсе токтоосуз каралмак.  Андай болсо күн тартибине  коюлмак. Эми бир сүйлөгөн сөзү үчүн  кароо болбойт деп ойлойм.

- Ал буга чейин деле улуттук нерселерге тил тийгизип келе жатпайбы?

-Тил, дин, улут маселесине келгенде  ар бир депутат  кылдат мамиле кылуусу зарыл. Биз ислам  дининдеги жарандарыбызга, улут аралык  маселеге келгенде кайсыл гана саясатчы болбосун аяр мамиле жасашы  зарыл.

-Карамушкина айткандай  орус тили ушунчалык эле кодуланып атабы?

-Орус тилине  келгенде  расмий тил деп эң жогорку шарттар түзүлгөн. Конституцияда бекитилген. Буга байланыштуу  орус тилин сүйлөнбөсүн  деп эч ким тыю сала албайт. Кыргыз тилин сөзсүз өнүктүрүшүбүз керек. Биздин эне тилибиз болуп эсептелинет. Көп улутту мамлекет болгондон кийин расмий тилде  сүйлөшкөнгө  болот, ага эч ким чектөө киргизе албайт. Бүгүнкү күндө практика жүзүндө орусча сүйлөп жатасың деп  бирөөнү  куугунтуктап  басмырлоо жок деп айтсак болот. Бул жакшы нерсе,  бир үй-бүлөдөй жашайбыз. Кыргызстандыкпыз. Ушул мамлекетте жашап аткандан кийин кайсы улут болбосун мамлекетти, Конституция, мыйзамдарды сыйлашыбыз абзел.

-Ошол эле учурда Карамушкина мени эч бир депутат колдобойт деп арызданыптыр? Буга кандай жооп айтасыз?

-Кел маекти ушул жерден токтотолу. Башка сөздөр ашыкча болуп калат.

Баян Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости