www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, Башкы прокуратура Тайырбек Сарпашевге кылмыш ишин козголгондугун кабарлады. Туура. Камалышы керек. Сарпашевдин былыктары толтура. Текебаевди Садыр Жапаровду камаган бийлик эмне ошончо күнөөлөрү менен Тайырбек Сарпашевди камай албайбы? – деген пикирин Урматбек Акунов билдирди.

Билесиңер да Сарпашевге Максим Бакиевдин бир гектардан ашык жеринин сатылып кеткени боюнча кылмыш ишин козгогон. Андан сырткары паспорттогу “улуту” деген жерди алып салгандыгы үчүн дагы бул токтобой камалашы керек. Башкы прокуратура бул жерде туура эле кылмыш ишин козгоптур. Жегендерин кусуш керек. Айрым жерде президент Атамбаев туура эле кылып жатат,эгерде Сарпашевди камаса, - деп кошумчалады нарындык активист Урматбек Акунов.

Эске сала кетсек мурдагы  өкмөт башчы Тайырбек Сарпашев 13-февралда кызматынан алынган. Ал экс-президент Курманбек Бакиев уулу Максим Бакиевдин менчик жерлерин мыйзамсыз сатып жиберген жана 2013-жылы тендерде жеңилген компаниядан туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдүн бланктарын сатып алууга уруксат берген деп айыпталууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости