www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча мурдагы кеңешчиси Майкл Флинн жана улук кеңешчиси Жаред Кушнер бул кызматка келе элек учурунда орус элчиси менен жолугушканын Ак үй моюнуна алды.

Тактап айтканда, өткөн жылдын декабрь айында Нью-Йорктогу Trump Tower мунарасында Флинн менен Кушнер бирге келип, орус элчиси Сергей Кисляк менен жолугушкан.

"Алар жалпысынан ортодогу мамилелер тууралуу талкуулашкан»,-деди Ак үйдүн өкүлү Хоуп Хикс. Жолугушуу 20 минутага созулган.

Буга чейин орус элчиси менен сүйлөшкөн деген жаңжалдан улам Трамптын кеңешчиси Майкл Флинн отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Кечээ күнү өлкөнүн Башкы прокурору Жефф Сешнс шайлоо алдында элчи менен жолуккан деген доого кабылды.

Булардан айырмаланып Кушнер орус элчиси менен шалйоого чейин да, андан кийин да жолугушукан экен. Анда маселе деле болмок эмес. Бирок азыр Федералдык чалгындоо кызматы Москва АКШ шайлоосуна кийгилишкенби же жокпу деген маселени иликтеп жаткан учурда, бул сыяктуу жолугушуулардын баары көңүл борборунда болууда.

Өткөн жылдын декабрында бийликтен кетип жаткан Президент Обаманын администрациясы Москваны киберчабуул боюнча айыптап, шайлоо тыянактарына таасир эткен деп жаңы санкцияларды киргизүү сунушу менен чыккан.

Бейшемби күнү АКШнын Башык прокурору Жеф Сешнс президенттик шайлоодо Орусиянын ыктымал кийлигишүүсү боюнча иликтөөдөн четтетилди. Орусиянын бийлиги америкалык шайлоолордун тыянагына кандайдыр бир таасир эткен деген айыптоолорду четке кагат. Дональд Трамп дагы өзүнүн командасынын мүчөлөрү Кремль менен байланышка барды делген маалыматтарды кескин четке кагып келүүдө.

Булак: "bbc.com"

Последние новости