www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун 2014-жылдагы «Орусия менен карым-катнаштарды тоңдуруу чечиминен кийин» тараптардын ортосунда алгачкы жогорку деңгээлдеги аскердик cүйлөшүүсү өттү.
Орусия Федерациясынын Башкы штаб төрагасы Валерий Герасимов, НАТОнун аскердик комитетинин төрагасы Петр Павел менен телефон аркылуу сүйлөшү өткөрдү.
Орусиянын Коргоо министрлигинин жарыясына караганда НАТОнун талабы менен аткарылган жолугушууда Европа менен чыңалуунун азайтылышы жана абалдын ырааттуулукка айландырылышы үчүн пикир алмашылды.
Герасимов анда НАТОнун Орусиянын чек араларына жакын жерлердеги аскердик иш-чараларынан Москванын тынчсыздануусун айтып өттү.
Герасимов жана Павелдин коопсуздуктун камсыздалышы тууралуу күн тартиптеги темалар, аскердик кызматташууну кайрадан баштоо жана кырсыктарга бөгөт болуу преспективасы менен Европадагы чыңалууну азайтууга карай кадамдарды кеңешкени айтылган жарыяда, НАТОнун өкүлдөрүнүн Орусиянын Коргоо министрлиги аткарган эл аралык иш-чараларга катышуусу да каралды.
Герасимов Павелге Министрликтин быйылкы машыгуулары жөнүндө маалымат берип, тараптар кеңешүүлөрдү улантуу темасында макулдашты.
НАТО, 2014-жылдагы Украина менен болгон кризис жана Крымды аннекция кылганын жарыялашынан кийин Орусия менен карым-катнаштарды тоңдурууга чечим чыгарган.
Булак: "trt.net.tr"