www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ Сириянын түштүк-чыгышындагы иранчыл күчтөрдү көздөй эки жолу абадан сокку урду. Бул тууралуу Кошмо Штаттардын коргоо министи Ллойд Остин билдиргенин "Америка авазы" радиосу кабарлады.
Остиндин айтымында, соккулар Евфрат өрөөнүндөгү Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусуна жана ага байланышы бар куралдуу топторго таандык объектилерге урулду. АКШнын коргоо министри бул соккулар Сирия менен Ирактагы америкалык базаларга жасалган кол салууларга жооп болгонун белгиледи.
Билдирүүдө Дейр-эз-Зор провинциясындагы Абу-Камал шаарында Ислам революциясынын сакчылар корпусунун машыгуу борбору бар экени билгиленген.
Остин аталган объектилерге сокку уруу буйругун АКШнын президенти Жо Байден бергенин ырастады.
Акыркы бир нече жуманын ичинде АКШнын жана коалициялык аскерлердин Ирак менен Сириядагы базалары Иран колдогон куралдуу түзүмдөр тарабынан бир нече жолу чабуулга кабылды. Алардын жыйынтыгында бери дегенде эле 45 америкалык аскер кызматкери жаракат алды.
Жакынкы Чыгыштагы абал 7-октябрда, ХАМАС тобунун согушкерлери Израилдин шаар-конуштарына чабуул коюп, 1 200дөй кишини өлтүрүп, 240тан ашуун адамды барымтага алгандан кийин күчөп кеткен. Жооп катары Израил ХАМАСка каршы согуш жарыялаган.
Газа тилкесинин ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо мекемеси билдиргендей, андан бери анклавда 11 миңден ашуун киши каза болду. Алардын 4,5 миңин балдар түзөт.
Иран менен анын тарапташтары Израилдин ХАМАСка каршы жарыялаган согушу үчүн АКШнын да жоопкерчилиги бар деп эсептөөдө.
Сирияда АКШнын 900, Иракта 2 500 аскери бар.
Булак: NazarNews.kg