www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европа командирлиги (EUCOM) 10-ноябрда аскердик машыгуунун алкагында пландуу абадан май куюу учурунда Жер Ортолук деңизге кулаган америкалык аскердик учактагы 5 кызматкердин каза болгонун жарыялады.

Жер ортолук деңизге кулаган америкалык аскер учагындагы 5 кызматкер каза болгону кабарланды.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европа командирлиги (EUCOM) 10-ноябрда аскердик машыгуунун алкагында пландуу абадан май куюу учурунда Жер Ортолук деңизге кулаган америкалык аскердик учактагы 5 кызматкердин каза болгонун жарыялады.

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Европа командирлигинин (EUCOM)  билдирүүсүндө, «АКШнын аскердик учагы аскердик машыгуунун алкагында кадимки абадан май куюу миссиясы учурунда Жер Ортолук деңизине кулап түштү. Борттогу 5 аскер кызматкери тең каза болду»,-деп айтылды.

Билдирүүдө окуядан кийин дароо эле жакын жердеги америкалык аскерий учак жана кемелердин катышуусунда издөө-куткаруу иштеринин башталганы, иликтөөнүн уланып жатканы белгиленди.

Израилдин Газага кол салууларынын башталышынан кийин АКШ армиясы Жер Ортолук деңизге эки учак конуучу кемеси менен бирге интенсивдүү жайгаштырууларды жасап, аймакта машыгууларды баштаган.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости