www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тайвань бийликтери АКШ менен 500 миллион долларлык курал-жарак жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу аралдын администрация башчысы Цай Ин-вэн билдиргенин ТАСС агенттиги жазды.

Жаңы жардам пакетине так эмнелер кирээри тууралуу чечимди Тайвандын Улуттук коопсуздук бюросу жана аралдын Коргоо министрлиги америкалык тарап менен бирге кабыл алат.

Буга чейин АКШ бекер жардам пакетинин бир бөлүгү катары Тайванга Stinger абадан коргонуу системаларын (MANPADS), ошондой эле Javelin жана TOW 2B Aero танкка каршы ракеталык комплекстерин тез арада жеткирүүнү пландап жатканы белгилүү болгон. Мындай курал-жарак Тайваньга «коммунисттик күчтөргө каршы күрөштө асимметриялык мүмкүнчүлүктүрдү» чыңдоого мүмкүндүк бере тургандыгы белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости