www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия Федерациясына мигранттар келген өлкөлөрдүн жетекчилиги миграциялык маселелерди чечүү үчүн кызматташууга даяр экенин Россиянын президенти Владимир Путин билдирди.

«Дүйнөнүн башка өлкөлөрүнө караганда биз үчүн жеңил, бул жаатта иштөө кыйын, бирок жеңил, анткени мигранттар (Россия Федерациясында) негизинен мурдагы Советтер Союзунун республикаларынан келгендер. Ал жакта орус тилин жана маданиятын жакшы билишет.

Биздин милдет – негизги миграция агымы келген мамлекеттерде түз иштөө... Бул өлкөлөрдүн (мигранттар келген) жетекчилиги да биз менен чогуу иштешүүгө даяр.

Биз орус мектептерин ачуу жөнүндө сөз кылып жатабыз. Андан сырткары коомдук уюмдарыбыз, Орусиянын улуттук бирикмелери менен тыгыз иштешүү жөнүндө сүйлөшүү жүргүзүүдөбүз. Бул маселени натыйжалуу чечүүгө көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар”, - деди Путин этностор аралык мамилелер кеңештин жыйынында. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости