www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Хиросима менен Нагасакиге АКШ эмес, СССР атом бомбасын ыргытканда, чоң балээге калып, эмгиче Батышдагылар дарга асылып калмак. СССР япондуктарды жеңген үчүн Итуруп, Шикотан, Кунашир жана башка аралдарды алган. Булар деле байыркы кыргыздын жерлери болсо керек «Ит уруп» кыргыздын сөзү, «Кунашир» -кунаажындан алынса керек, «Шикотан» Шыкмаматовдун тандырынын кыскартылганы. Негизи кыргыз жүрбөгөн жер жок эмеспи.

Америка баштаган Батыш өлкөлөрү Украинадагы согуш башталгандан бери Орусияга каршы санкцияларды биринин артынан бирин салып келишет. Бул жолку киргизиле турган санкциялар буга чейинки чектөөлөрдөн буйтап өтүүгө жасалган аракеттерге бөгөт коет.  Жаңы санкциялар согуш жүргүзүүдөгү керектүү материалдарды алуу жолдорун жабуу, Орусия энергиясына көз каранды болгон Эл аралык кырдаалды жөнгө салуу жана Москванын эл аралык финансы системага кирүүсүнө чектөө коюу маселелерин камтыйт. 

Тагыраак айтканда АКШнын Соода министрлигинин тизмесине киргизүү менен америкалык товарларды реэкспорт менен үчүнчү өлкөлөргө жеткирип жатышкан Орусиянын 70 ишканасына, деңиздеги жана аба каттамдарына, уюмдарга, физикалык жактарга 300 гө жакын жаңы санкциялар кирмекчи. Ошондой эле Европадагы, Жакынкы чыгыштагы жана Азияда өлкөлөрүндөгү  согушка колдоо көрсөтүп жатышкан тараптарга да бул санкциялардын таасири бар. 

Согуш башталгандан бери АКШ Еврошаркет жана Улуу Британия менен биргелешип, орустарга каршы санкцияларды киргизүүнү күчөтүшкөн. Вашингтондун мындай санкцияларына президент Владимир Путин, финансы тармагы жана олигархтар киргизилген.   АКШнын президенти Жо Байден Японияда өткөрүлмөкчү болуп жаткан «Чоң жетиликтин» саммитине барды. Андыктан Байден Австралияга жана Жаңы Гвинеяга болгон иш-сапарын башка убакытка жылдыргандыгы айтылат.  

Анда Джо Байден союздаштары менен Орус-Украин согушунун айланасындагы кырдаал, Тынч океан аймагындагы Кытайдын «өжөр» саясаты жаатында кеңешишет. Мындай маанилүү иш-чара Американын ичиндеги чыңалууну жаратып жаткан мамлекеттик карыздын фонунда өтүп жатат. 

Байден АКШнын Эл аралык иштерде жана өлкөнүн ичиндеги экономикалык маселелерди чечүүдө чебер саясат жүргүзө алаарын көрсөткүсү келет.   
Хиросима шаарында өткөрүлмөкчү болуп жаткан «Чоң жетиликтин» саммитинде климаттык өзгөрүүлөр, экономика жаатында жана глобалдык өнүгүүдөгү кызматташтыктар менен бирге Украин бириккен согушкер күчтөрүнүн орус күчтөрүнө каршы контрчабуулдарынын маселеси каралат. 

Хиросима саммитинде Австралия, Индия, Япония жана АКШнын лидерлеринин «төрт тараптуу диалог» форматындагы сүйлөшүүсү күтүлүүдө. 

Бул жолугушуулардын маңызы Кытай мамлекетинин Индия-Тынч океан аймагындагы экономикалык жана аскердик өкүмзордугуна жооп берүү ниетин көздөп жаткандыгы эч кимге деле жашыруун эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости