www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ:  Байсаловго оңолгон Кыргызстан

Учурда Кыргызстанда баанын көтөрүлүшү ракетадай сызып баратканы дудуктан башкага белгилүү.Кабмин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов: «Кыргызстан кол сунуп кайыр сурап баскан кедей эмес», - деген пикирин билдирди. Бул тууралуу Эдил Байсалов ЕРӨБ президенти Рене-Одил Бассо менен жолугушканда белгилеп, "Кыргызстан абдан жакшы жагына өзгөрдү" деп ишендирди. Байкагабаган адамга Байсаловго окшогондорго өлкөдөгү кымбатчылык «чепуха» болсо керек.  Ал түгүл бүгүнкү күндө Кыргызстан өз келечегине ишенимдүү, динамикалуу өнүгүп жаткан өлкөлөр менен атаандаштыкка жетип калганын баса белгиледи.

Буга мисал катары Байсалов өз сөзүндө: «Биздин жетекчилик Кыргызстандын элинин кызыкчылыгын көздөгөн ак ниет башкаруу саясатын сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө ишке ашырып жатат. Буга мамлекеттик кирешенин эки эсеге көбөйүшү жана «Кумтөр» кени боюнча талаштын ийгиликтүү чечилиши мисал боло алат», - деп айтты. 

Муну уккан адам Кыргызстандын жарандары май көл, сүт көлдө, босогосунан май агып жыргап жашап жатышкан тура дешсе керек. Ушунчалык уялбастан, көз ирмебей мактанып туруп, анан билгизбей, карыз сурап, кайрчынын кейпин кийип калышканы эле кызык... 

Дегенибиз, Эдил Байсалов Кыргызстан гүлдөп өнүгүп жатат деп мактанган себептенби, быйыл 2023-жылы ЕРӨБ Кыргызстанга дээрлик 62 миллион евро насыя бөлүп бермей болду:

Кадамжай жана Айдаркен (Баткен облусу), Таш-Көмүр жана Көк-Жаңгак (Жалал-Абад) шаарларында калктын ичүүчү таза сууга жеткиликтүүлүгүн камсыздоо боюнча долбоорлорду ишке ашырууга 18,6 млн евро (анын ичинен 10,6 млн евро гранттык негизде);

17,8 млн евро (анын 3 млн 740 миң евросу гранттык негизде) Ош облусундагы Араван-Ак-Буура каналын оңдоого;

13,8 млн евро (анын ичинен 5 млн евро гранттык негизде) айылдагы чакан ГЭСти реконструкциялоого. Лебединовка, Чүй облусу;

Темир жолдорду модернизациялоого 12 миллион доллар (анын 4 миллиону гранттык негизде)... 

Кыскасы, мына ушундай. Мактаныч башка, реалдуу көрүнүш башка. Карыз, насыя сурап жатып, мактангандын балекетин аламбы?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

 

Последние новости