www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Грузияда депутаттар мушташа кетти

Грузия парламентинин депутаттары Орусия менен түз аба каттамдарын калыбына келтирүү маселесин талкуулоо учурунда мушташа кетишти. Бул тууралуу 19-майда Грузиянын Биринчи каналы билдирди.

Жаңжал "Агмашенебели" стратегиясынын лидери Гиоргий Вашадзе трибунада чыгып сүйлөп, аба каттамдарын калыбына келтирүү боюнча терс сөздөрдү айтып, бийликтин чечимин кескин сынга алгандан кийин болгон.

Ал ордуна кайтып келгенде, Эл бийлигинин өкүлү Ираклий (Дачи) Берая аны сөгүп, андан соң мушташ башталган.

Жолугушуунун башка катышуучулары аларды ажыратууга аракет кылышкан.

Белгилей кетсек, Грузиянын экономика жана туруктуу өнүгүү министри Леван Давиташвили 15-майда Орусия менен аба байланышы калыбына келгенден кийин өлкө жылына 300 миллион доллардан 400 миллион долларга чейин киреше ала турганын билдирген. Ал кошумчалагандай, Орусиянын үч авиакомпаниясы өлкөнүн эл аралык аэропортторуна учуу өтүнүчү менен кайрылган. Кеп Тбилиси, Батуми жана Кутаиси аэропорттору жөнүндө болуп жатат.

Орус авиакомпанияларынын Грузияга каттамдарына тыюу салууну орус президенти Владимир Путин 10-майда жокко чыгарган.

Орус тараптын чечими менен 2019-жылдын 8-июлунда Россия Федерациясы менен Грузиянын ортосундагы түз аба каттамдары токтотулган. 21-июнда орус лидери тиешелүү жарлыкка кол койгону кабарланган. Түз авиакаттамдарды токтотуу чечими Тбилисидеги массалык нааразылык акцияларынын, ал жердеги орусиялыктардын коопсуздугуна коркунуч жараткан баш аламандыктардын фонунда кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости