www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Елена Калашникова 2 айга СИЗОго камалды

19-майда Бишкектин Биринчи Май райондук соту коррупция беренеси боюнча УКМК тарабынан кармалган Туризмди өнүктүрүү фондунун төрагасы Елена Калашниковага карата баш коргоо чарасын тандады.

Маалым болгондой, Калашниковага 22-июлга чейин УКМКнын СИЗОсуна камалды.

Анын орун басары Александр Валитов дагы 2 ай УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети RestPoint курулуш долбоорун ишке ашырууда фонддогу коррупция фактысы боюнча иш козгогон. Укук коргоо кызматкерлери компаниянын кеңсесинде жана Калашникованын өзүнүн үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

18-майда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети Елена Калашникованын кармалганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости