www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жардыруучу зат тууралуу жалган маалымат тараткан жаран 6 айга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу УКМКдан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 18-майда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү фактысы боюнча кылмыш иши каралды жана элдин учурдагы нааразылыгын эске алуу менен иштин бардык жагдайлары изилденип чыгып, ошондой эле келип чыккан терс кесепеттер боюнча сот тарабынан соттолуучу Н.А.А.ны күнөөлүү деп табылып, аталган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталып, алты айга эркиндигинен ажыратылды жана жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтүүсү тандалды.

3-февралда 112 нөөмөт кызматына Бишкек шаарынын Чүй проспектиси менен Дзержинский бульварынын кесилишинде колго жасалган жардыруучу зат тууралуу жашыруун маалымат келип түшкөн. Кийинчерээк ал маалымат тастыкталган эмес. Бул факты боюнча материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренеси «Терроризм актысы жөнүндө билип туруп жалган маалымат берүү» боюнча кылмыш иши козголуп, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК тарабынан жүргүзүлгөн атайын тергөө иш-чараларынын жана ыкчам иш-чараларынын натыйжасында, 1982-жылы туулган Н.А.А. аттуу Кыргыз жараны аныкталып, тергөө амалдарынын жүрүшүндө бейбаштык үчүн жасагандыгын мойнуна алган.

УКМК мындай аракеттер кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылаарын белгилейт, анткени Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесине ылайык, боло турган жарылуу тууралуу атайылап жалган маалыматты айтып, өрттөө же өлүм же оор жаракат алуу коркунучун туудурган башка аракеттер, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500 сомдон 1000 сомго чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндөгү айыпка же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости