www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын азыркы администрациясы Конгресс тарабынан мурда бекитилген Украинага берилчү кошумча 400 миллион долларлык аскердик жардамды бөлүп берүүдөн баш тартты. Бул тууралуу 21-июлда Иллинойс штатынан шайланган АКШ Сенатынын мүчөсү Дик Дурбин билдирди.

«Өкүнүч менен айтышым керек, төлөмдөрдүн планы боюнча бул каражаттарды 2029-финансылык жылы гана сарптоого даяр болушубуз керек. Бул чечимди АКШнын кийинки президенти, ким болбосун, кабыл алат», — деген анын сөзүн ТАСС агенттиги келтирди.

Дурбиндин айтымында, бул каражаттардын бир бөлүгүн Украина үчүн абадан коргонуу (ПВО) системаларын каржылоого жумшоо пландалган. Маалыматка ылайык, тиешелүү мыйзам долбооруна АКШнын президенти Дональд Трамп кол койгон.

Последние новости