www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда борошо жана кургактык

АКШнын түштүгүндө нөшөрлөп жааган жамгырдан улам Лос Анжелесте 3 киши каза болду. Калифорния жана  Невадада 150дөн ашуун турак жай чыгымга учурап, беш киши жеңил жараланды.

Энергетика өткөрүү жолдорунун иштебегендигине байланыштуу 25 миң турак жай электрсиз калды. Калифорнияда өткөн жумадан бери катуу жамгыр жаашынан улам ташуу коркунучу болгон суу сактагычтардын тегерегинде жашагандардын аймакты бошотуусу да улантылууда. Сан-Хоакин дарыясынын ташуу коркунучу менен аймактагы 500 киши аймактан чыгарылды.

Колорадо аймагында болсо кургактыктын болушу менен Денвер шаарында бир топ өрт чыкты. Көп сандаган унааны күлгө айландырган  өрт терегектеги үйлөргө коркунуч туудурууда.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости