www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызда макал бар: “өлчү бала, койчунун таягына сүйкөнөт”, деген. Бийлик качан өлгүсү келсе тарапташтары менен айыгыс душман болуп, анан эле орду толгус оор жоготууга дуушар болчу эле. Мен буга 2005-жылы жана 2010-жылдарды мисал кылып кете алам.

Канткен күндө да Ак үй тарапта аба ырайы жаман болуп турат. Жылдын башы да ата-бабалардын жөрөлгөсү боюнча жакшылык менен кирген жок...Өткөндөн сабак албаган бул бийликке эмне деп айтаарымды билбей турамын. Бул бийликтин дагы тагдыры талкаланып, тарыхтын кара тамгасы менен элдин эсинде калбаса болду деген ойдомун.

Баарыбызга белгилүү Нарын эли өткөн бийликти кулатып, 2010-жылдагы төңкөрүшкө зор салым кошкон. Тилекке каршы, бул бийлик деле чекебизди жылытып, чечилбеген маселени чечмек тургай, көйгөйлүү маселелер кабыргабызда катылган боюнча кала берди.

Азыркы бийликтин күч органдары нарындыктардын бычакка сап уул-кызына азуу тишин кайрап, Карганбек Самаков, Аида Салянова, Нариман Түлеевдерди тизеден чаап, буттан чалганы аз келгенсип алардын катарын бүгүнкү күндө Алмамбет Шыкмамбетов толуктады.

Урматтуу президентибизди Нарын эли Ажо болоордо боз атын мингизип, башына калпак кийгизип, Чеч-Дөбөгө сыйынтып, Кошой-Коргонду аралатып, эл ак батасын берип хан тактыга жөнөттү эле, аттиң... Эми минтип Теңир Тоонун кулундары бийликтин тузагына илинди кандай болоор экен... Алмаз Шаршенович, куугунтукту токтотсоңуз жакшы болоор эле, дагы өзүңүз билиңиз!

Урматбек Акунов, Нарын облусу

Булак: NazarNews.kg

Последние новости