www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда коронавирус илдетине чалдыккандар менен дени соо адамдар "коронавирустук кечелерди" уюштурушууда деп Tech Timesка таянып чет өлкөлүк маалымат булактары жазып чыгышкан.

Автор адамдар көңүл ачууну жана эң негизгиси – илдетке чалдыгууну каалагандыгын жазган. Алар мындай иш-аракетти инфекцияны жуктурган адамда иммунитет пайда болот деп түшүнүшкөнү үчүн жасап жатышат.

Айтылган кечелерге чакырылгандардын арасында коронавирустук инфекцияны алып жүрүүчүлөр бар болуп, башка коноктор алар менен байланышууга аракет кылышат.

Басылма ушундай кечелерге катышкан 20га жакын кишинин экөөсү илдетке чалдыкканынын жазат. Алар ооруканага жаткырылган жок, анткени бейтаптарда оорунун күчтүү белгилери байкалган эмес,-деп белгиленген.

Ошол эле учурда, илимпоздор илдетке чалдыккан бейтаптардын организминде антителолор өндүрүлүп, кайрадан жугуштуу оорудан коргой тургандыгына эч ким кепилдик бербейт деген ойду айтышкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости