www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 8-майында КР УКМК жетекчилиги жана өздүк курамы Улуу Ата-Мекен согушунун жана Улуттук коопсуздук органдарынын ардагери Василий Тихонович Кавешниковду келе жаткан Жеңиш күнүнүн 75-жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Воронеж областынын тургуну Василий Кавешников 1925-жылы Козлов районунун Костино-Отделец айылында туулган.

Ал өзүнүн эмгек жолун Ош областынын Сүлүктү шаарындагы “Сүлүктү” кен башкармалыгынын статистиги катары баштаган. Мамлекеттик коопсуздук органдарында 1944-жылдан 1985-жылга чейин иштеген. СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Жогорку мектебин аяктаган. ИИМ райондук бөлүмүнүн атайын комендатурасынын коменданты катары иштеп баштап Кыргыз ССР Мамлекеттик коопсуздук органдарынын бөлүм башчысы болгуча бардык кызмат тепкичтерин басып өткөн. Мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылууда Василий Кавешников көптөгөн мекемелик жана мааракелик медалдар менен сыйланган.

В.Кавешников менен жолугушууда, КР УКМК өкүлдөрү келе жаткан Жениш күнү менен куттуктап, улуттук коопсуздук органдарынын атынан терең ыраазычылык билдирди.

“Сиздер жасаган эрдик эч качан өчпөйт. Элдин эсинде кылымдар бою сакталат. Эр-жүрөк, кайратынарды ардактап, бир доордун баатырлары болгон, Улуу Ата-Мекен согушунун ардагерлерине ар тараптуу колдоо көрсөтүү – биздин ыйык милдет” – деп белгиледи Улуттук коопсуздук органдарынын жетекчилиги. Жолугушуунун соңунда УКМК өкүлдөрү Василий Кавешниковго чың ден-соолук, узун өмүр каалашты.

Булак: NazarNews.org

Последние новости