www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШда медайымдар иш ташташты

Америка Кошмо Штаттарынын Нью-Йорк шаарында (АКШ) эки ири саламаттыкты сактоо мекемесинде иштеген 7000ден ашык медайым жана фельдшерлер, кызматкерлердин жетишсиздигине жана айлык акынын аздыгына нааразылык билдирип иш ташташты. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Манхэттендеги Mount Sınai жана Бронкстагы Montefiore ооруканаларынын алдына чогулган фельдшерлер, Нью-Йорк штатынын медайымдар ассоциациясы (NYSNA) уюштурган иш таштоону колдошту.

Американын Эмгек федерациясы жана өнөр жай уюмдары конгрессинин (AFL-CIO) төрагасы Марио Клиенто көптөгөн ар түрдүү профсоюздар тарабынан да колдоого алынган иш таштоо тууралуу билдирүү жасап, «Иш таштоодон башка жол жок экенин» белгиледи.

АКШлык сенатор Берни Сандерс Твиттердеги билдирүүсүндө: «Mount Sinai ооруканасында жана Монтефиор медициналык борборунда иш таштаган 7,000ден ашык медайымды колдойм. Бул ооруканалар 2021-жылы активдеринин наркын 1 миллиард доллардан ашыра алган болсо, медайымдарына да адилеттүү эмгек акы төлөп, аларга көбүрөөк урмат-сый менен мамиле кыла алышат»,-деди.

Иш таштоого Нью-Йорктун башкы прокурору Летитиа Жеймс да демократиялык саясатчылардын тобу менен бирге катышты.

Последние новости