www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Сауд Арабиясы коронавирустун пандемиясынан улам ажылыкка коюлган чектөөлөрдү алып салды. Бул тууралуу Тавфик Аль-Рабия падышалыгынын ажылык жана умра иштери боюнча министри билдирди, деп жазат Anadolu AA.
«Зыяратчылардын саны пандемияга чейинки деңгээлге кайтып келет, жаш курак боюнча чектөөлөр болбойт», - деди бөлүм башчы.
Министрдин айтымында, дүйнөнүн төрт бурчунан ажылык сапарга чыгуучу миссиялар дагы бир жолу Сауд Аравиясынын каалаган ыйгарым укуктуу сервистик компаниясы менен келишим түзө алышат.
"Өнөктөштөрүбүз менен бирге зыяратчылардын келүү жол-жоболорун жеңилдетүү үчүн NUSK платформасын ишке киргиздик", - деп кошумчалады Аль-Рабия.
Белгилей кетсек, Сауд Арабия бийлиги COVID-19 вирусунун жайылышынан улам акыркы үч жылдан бери ажылык зыяратчылардын санын чектеген.
Сауд Арабиянын ажылык министрлиги бул жылы Кыргызстанга 6000 квота бөлдү. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Орточо эсеп менен айтканда 6 000 кишини, 3 000 доллардан эсептесек жалпы 18 000 000 АКШ долларын чапчыйт. Ошондо Кыргызстандын катардагы эле жарандары Сауд Арабияга 18 000 000 АКШ долларын тартуу кылып келет.
Булак: NazarNews.kg