www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NBC телеканалынын маалыматына караганда АКШ конгрессинде билдиришкендей Москвадагы дрондордун чабуулу РФнын чалгын кызматынын офицерлеринин үйлөрүнө багытталган.

Американын жогорку кызматтагы аткаминери менен конгресстин кызматкеринин айтымында «май айындагы Москвада болгон дрондордун чабуулу россиялык чалгындоо кызматынын офицерлери жашаган үйлөргө жасалган». 

Ошондой эле NBC телеканалы маалымдагандай «Дрондор россиялык чалгын кызматкерлеринин Москвадагы резиденциясын мээлешкен».

Мындай чабуулга кабылган көп квартиралуу үйлөрдүн бири Россиянын Тышкы чалгын кызматынын кызматкерлерине тиешелүү болгон.  

Strider Technologiesдин негиздөөчүлөрүнүн бири жана башкы оператору Эрик Левеск «Бул чабуул кандайдыр бир борбордун четиндеги байлар жашаган аймакка багытталган эмес. Биринчи жолу Москва райондоруна жеткен бул сокку орус-украин чатагынын жүрөгүнө багытталган психологиялык согуштун элементтери» деп мүнөздөмө берди.  

Буга чейин CNN маалымдагандай «россиялык обьектилерге сокку урган дрондордун аракетин украиналык агентуранын ишмердигине байлап жатышкан».

Нур АМАН

Булак: NazarNews.kg

Последние новости