www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таш-Көмүр шаардык кеңешинин депутаттары акча каражатын талап кылгандыгы үчүн кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-майда Таш-Көмүр шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Б.С. жана шаардык кеңештин депутаты С.Н. 25 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты.

Такталгандай, төрага орун басары Б.С. менен депутат С.Н. ар кандай текшерүүлөрдү уюштуруп, ээлеген кызматына "шайкеш келтирүү маселесин шаардык кеңештин отурумуна алып чыгам" деп коркутуу жолу менен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинен 25 миң сом талап кылган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, айып тагылган.

Соттун чечими менен депутаттар УКМКнын тергөө камак жайына 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости