www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Ван Вэнбин Херсон аймагындагы Кахов ГЭСине ракеталык чабуулга комментарий берди. Бул тууралуу NazarNews маалыматтык агенттигине Кытайдын CCTV plus агенттиги билдирди.

«Биз Кахов ГЭСинин бузулушуна олуттуу тынчсызданганыбызды билдиребиз. Кытай жарандардын жана жарандык инфраструктуранын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт», - деди ал. 

Эскерте кетсек, кечээ, 6-июнда Украинада Кахов ГЭСинин платинасы жарылып, Днепрдеги шаарлар жана айыл аймактарды суу каптоо коркунучу жаралып, Херсон облусунун бийлик өкүлдөрү тургундарды шашылыш түрдө эвакуациялап баштаган.

ГЭС толугу менен талкаланган жана аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес. 

Кахов ГЭСи Украинанын бирдиктүү энергетикалык системасына кирет. Бул Днепрдеги алтынчы жана эң төмөнкү станция, Кахов суу сактагычынын суулары Херсон облусунун кургакчыл райондорун жана Крым жарым аралын азыктандырат. ГЭС Кара деңизден 100 км, Херсондон 60 км бийиктикте жайгашкан. Новая Каховка шаарынан 5 км алыстыкта ​​жайгашкан. Станциянын бузулушу миңдеген адамдардын өлүмүнө жана бир нече ондогон калктуу пункттарды суу каптап кетишине алып келиши мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости