www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскердик кызмат өтөөнүн мөөнөтү узарат

Жогорку Кеңеш аскердик кызмат өтөөнү 12ден 14 айга жана аскердик келишимдин мөөнөтүн 5тен 10 жылга узартуу мыйзам долбоорун кабыл алды.
Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.
 

Аталган демилгени министрлер кабинети көтөргөн. Коргоо министрлиги муктаждык жаралган учурда аскерди 14 айга чейин алып калууга укук берүүнү сураган. Себебин биринчи чакырылыштагылар кетип, кийинкиси толукталып, даярдалганга чейин көп убакыт кетип калары менен байланыштырган.

Ал эми дефициттеги адистерди кармап туруу үчүн келишимдин мөөнөтүн узартуу сунушталган.

"Учурда аскердик окуу жайды бүтүп келгенден кийин беш жылга келишим түзүлөт. Андан кийин ыктыярдуу түрдө үч жылга улантса болот. Бизге керектүү адистер ошол келишимин узартпай туруп кетип калган учурлар болуп жатат. Ошого байланыштуу 10 жылга милдеттүү түрдө келишим түзүүнү сунуштап жатабыз. Жаш кадрлар бизде токтобой кетип калууда", — деп айткан коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости