www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга Lexus GX 470 мыйзамсыз ташып келген прокуратура кызматкери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-июнга караган түнү Баткендин Раззаков шаарында Lexus GX 470 унаасы токтотулган. Аталган унаага жасалма номер тагылып, ыкчам маалыматтар боюнча, коңшу мамлекеттен мыйзамсыз айдалып келген.

«Унааны өзүн «Нарын облусунун прокуратурасынын кызматкеримин» деп тааныштырган Лейлек районунун Д.А. аттуу тургуну башкарып бара жаткан. Учурда УКМК облустук прокуратура менен биргеликте тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чараларын жүргүзүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости