www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-январда кызматын баштаган Трамп башкаруучулугунун Евразия аймагында кандай саясат жүргүзөөрү кызыгуу жаратууда. Биз да бул жумадагы программабызда Трамп башкаруучулугунун Евразия саясаттарын жана аймакка таасирлерин талдап беребиз.
Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окуп жатасыздар.
Түркия менен Түрк Республикаларынын борборунда орун алган Евразия аймагы бирден ашуун дүйнөлүк күч бир учурда караган аймактардын бири болуп саналат. Келээрки мезгилдерде да Евразия аймагы, дүйнөлүк күч тирешүүлөрү болгон аянттардын бири болушу мүмкүн. Ушул алкакта 2017-жылдын башында АКШда кызматын баштаган Дональд Трамп башкаруучулугунун АКШда жана Евразия саясатындагы ыктымалдуу таасирлери кызык болуп жатат. Биз да бул жумада Вашингтондогу жаңы бийликтин Евразия үчүн маанисин талдап беребиз.
Евразиянын чок ортосунда орун алган Түрк тилдүү мамлекеттер жана Түркия бир тараптан аймактарында бетме-бет келген чоң күчтөрдүн ортосундагы тең салмактуулукка байкоо салышууда. Экинчи тараптан болсо чек аранын тышындагы кызыкчылыктарын коргоолорун жеңилдете турчу стратегияларга муктаждыгы болуп олтурат. Ушул себептен айланасындагы окуяларга гана эмес, дүйнөлүк актерлордун динамикалуу саясаттарына карата да кайдыгер калбоосу зарыл. Геомаданий жана геосаясий мүмкүнчүлүктөргө ээ болгон Түркия менен Түрк Республикаларынын, бирден көп аймактык системадагы тең-салмактуулуктарга аз же көп таасир берүү потенциалы бар. Ушул себептен Түркия менен Түрк Республикалары, өз аймагындагы өлкөлөрдөгү жана дүйнөлүк системадагы жагдайларга жакын байкоо салышы керек.
Трамп башкаруучулугунун Евразия аймагында кандай саясат жүргүзө турганы жөнүндөгү суроонун жообу, АКШнын тышкы саясатынын багыты жагынан өтө маанилүү. Учурдагы белгисиздик дагы бир канча мөөнөткө созулушу мүмкүн. Бирок буларды айта алабыз; 20-январда Вашингтондо ачылган жаңы барак, АКШ менен дүйнө үчүн жаңы жана көйгөйлүү мезгилдин башталышы болушу мүмкүн. Алдыбыздагы жылдарда жер жүзүнүн көптөгөн бурчунда бул өзгөрүүнүн таасирлери байкалат. Булардын арасында Түркияны жакындан кызыктырган Түркстан аймагы да орун алууда.
Трамп Атлантика шериктештигине чоң каражаттар менен лидерлик кылган өлкө болуунун ордуна, түздөн-түз өз кызыкчылыктарын колдогон чоң күч сыяктуу мамиле кылууга аракет кылууда. АКШнын Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн баш тартуусу да буга мисал болуп саналат. Транс-Тынч океан өнөктөштүгү; Австралия, Бруней-Даруссалам, Канада, Чили, Япония, Малайзия, Мексика, Жаңы Зеландия, Перу, Сингапур, АКШ жана Вьетнам сыяктуу өлкөлөрдүн ортосунда соода жана инвестиция мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу үчүн жаңы эрежелерди түзүүнү максаттаган Обама башкаруучулугунун экономикалык демилгелеринин бири эле. Бул өлкөлөр дүйнөлүк дүң продукциянын 40 пайызынан ашыгын түзүүдө. Транс-Тынч океан өнөктөштүгү, Тынч океандын жалгыз базарын түзүү аркылуу соода баасын төмөндөтүп жана жалпы эрежелерди белгилеп 12 өлкөнүн соода жана инвестициялары үчүн дагы да ылайыктуу чөйрө жаратууну камтууда. Транс-Тынч океан өнөктөштүгү түзүлгөндө, Кытайдын дүйнөлүк экономиканын эрежелерин жаңылоо күчүнө чектөө коюлушу, жумушчулардын укуктарынын жана экологияны коргоо укуктарынын корголушу үчүн стандарттардын белгилениши жана АКШнын жаңы базар экономикаларына кирүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүүлүүсү күтүлүп жаткан болчу. Тараптар бардык мүчө өлкөлөр бекиткенден кийин күчүнө кире турган Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнүн курулуусуна байланыштуу келишимге 2016-жылдын 4-февралында кол коюшту. Муну менен бирге 2017-жылдын 23-январында шайлоо убадаларынан кийин АКШнын президенти Дональд Трамп өлкөсүн Транс-Тынч океан өнөктөштүгүнөн чыгарган жарлыкка кол койду.
АКШнын Түркстанга багытталган саясатында бул аймакты курчаган чоң күчтөргө караштуу стратегиялар, таасирдүү фактор болуп саналат. АКШ өз пландоосун, Түрк тилдүү мамлекеттер менен байланыш куруп жатканда кадамдарын Москва жана Пекиндеги таасирлерин эске алып таштоодо. Түркстан геосаясатынын Орусия, Кытай жана берки негизги коңшулар менен бирге калыптандыруусу, бул борбор шаарлар менен карым-катнаштарындагы олку-солкулуктар да Түрк Республикаларына чагылуусуна себепчи болууда. Ошондуктан АКШ Түркстанды караганда Орусия менен Кытайды да көрөт, Кытайга жана Орусияга болгон көз карашындагы өзгөрүүлөр болсо Түркстан үчүн да натыйжаларды жаратууда.
Алдыбыздагы мезгилде АКШнын Евразия жана Түркстан саясатында радикалдуу өзгөрүү күтпөйбүз, бирок акыркы 12 жылдын ичинде биринчи жолу республикачыл талапкер шайлоодон мурда Борбордук Азия/Түркстан туурасында билдирүүсүн жарыялады. Бул АКШнын тышкы саясатында Борбордук Азиянын басымдуулугунун артаарына карай белги болушу мүмкүн. Акыркы жылдарда Евразияда анти-америкалык кыймылдар күчөп баратат. Бул кыймылдарга каршы АКШ жумшак күч элементтерин аянтка салып, демократияны колдоо боюнча саясаттарынан баш тартпайт.
Белгилүү болгондой Түркстандан Түркияга багыт алган жолдун бир гана АКШ үчүн эмес, бардык чоң актерлор үчүн маанилүүлүгү артат. Бул жол чоң күрөштүн сахнасы болушу мүмкүн. Алдыбыздагы процессте Европа жана Кытайды бири-бирине байланыштыра турган «Түрк алкагы» бардык тараптар үчүн маанилүү болсо, ошол эле учурда чоң тирешүүнүн пайдубалына айланат. Азыркы учурларда Түркия менен Түрк дүйнөсүнүн тагдырын бири-бирине дагы да бекем байланыштыра турган чоң геосаясий өзгөрүүнүн биринчи кадамдарын таштап жаткан болушубуз мүмкүн.
Ататүрк университетинин Эл аралык мамилелер бөлүмүнүн изилдөөчүсү Жемил Догач Ипектин темага байланыштуу баамдоосун окудуңуздар.
Булак: "trt.net.tr"