www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШ башкаруусу Венесуэла менен байланышы бар деген негиз менен 4 чет элдик кемечилик фирмасына санкция салуу чечимин чыгарды.
АКШнын казына министрлигинин чет элдик фонддорду текшерүү офисинин интернет сайтында орун алган маалыматта Либерия тектүү Jennifer Navigation Ltd, Large Range Ltd жана Lima Shipping Corp менен Италиянын PB Tankers аттуу фирмаларынын санкция салынуучулар тизмесине алынгандыгы белгиленди.
Фирмалардын «Венесуэла менен байланышы бар» деген негиз менен санкция тизмесине алынгандыгы белгиленип, кенен маалымат берилген жок.
Венесуэлада өзүн убактылуу мамлекет башчысы деп жарыялаган Улуттук парламенттин спикери Хуан Гуайдого бардык колдоону берген АКШ мамлекет башчысы Николас Мадурону кысмакка алуу үчүн бат - бат жаңы санкция салуу чечимдерин чыгарууда.
Өлкөнүн нефть фирмасы PDVSA жана АКШдагы петрохимияга салган санкциялар менен Венесуэлага экономикалык сокку урган АКШ акыркы болуп өткөн жумада Венесуэладан Кубага нефть берди деген негиз менен 2 фирманы санкция тизмесине алган.
Булак: "trt.net.tr"