www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Теккранч" порталынын ишембиде жазганы боюнча, хакерлер жылдын башынан март айына чейин оутлук почтасындагы бир катар аккаунттардын каттарын окуп турушкан. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Бирок "Майкрософт" каттар менен тиркемелер хакерлердин колуна тийген эмес деп билдирүүдө. Компания почтанын бузулуусуна спам каттардын көбөйүшү себеп болушу ыктымалдыгын маалымдады.

"Теккранч" хакерлер АКШнын коопсуздук жана укук коргоо органдарынын миңдеген кызматкерлери жөнүндө маалыматтарды уурдап, аны сатууну көздөп жатышканын билдирген.

Өткөн жылы августта антивирус программасы боюнча иштеген ЕSET компаниясы Turla деп аталган хакерлер Microsoft Outlook почтасын Европа өлкөлөрүндөгү мамлекеттик мекемелер тууралуу маалымат алууга колдонгонун маалымдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости