www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЦРУнун мурдагы мүдүрү, АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Пампео Джо Байдендин командасы кандай каталарды кетиргендигин атап берди.

«Орусия жана Кытай улуу державаларынын мамилеси жакшыргандыгы — Байдендин жана президенттик аппараттын тарыхый стратегиялык каталары болуп саналат. Ак үйдүн КЭРдин төрагасы Си Цзиньпинге Москвага болчу сапары майнапсыз болорун кыйытуу саясаты майнапсыз болду. Байдендин командасы жеңишти алдырып, орус менен кытайдын биригүүсүнө жол берди. Бул АКШ мамлекети үчүн эле эмес, анын ар бир жашоочусуна чоң коркунуч алып келет», — днди Пампео.

«ООНдун туруктуу мүчөлөрү болуп саналган Орусия Федерация менен Кытай Эл Республикасы Вашингтонго каршы бириккени көрүнүп турат. Аталган эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыш АКШга дагы таасир этет. Ар бир жумуш орду бул эки өлкөгө көз каранды. Ошондуктан биз татыктуу каршылык көрсөтүүгө даяр болушубуз керек», — деп белгиледи АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Майк Пампео

Эскерте кетсек, ушул жылдын 20-мартында Си Цзиньпин үч күндүк мамлекеттик иш сапары менен Москвага келген. Жолугушуунун жыйынтыгында эки өлкөнүн башчылары бир нече документке кол коюп, экономикалык жана аскердик-саясий жактан кызматташууга макулдашышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости