www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай элчиси кыргызстандыктарга таарынганын билдирди

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнь журналисттер менен болгон жолугушууда: «Биз жана элчилик таарындык», - деди.

Ал белгилегендей, кыргызстандыктар тезирээк виза алыш үчүн элчиликтин кызматкерлери түшкү тамаксыз, түнү менен иштешет.

«Бирок биз кемсинткен сөздөрдү угуп, кысымдарды дуушар болуудабыз. Биз бардыгына мүмкүн болушунча тез арада виза берүү үчүн колубуздан келишинче иштеп жатабыз. Виза – бул мамлекеттин эгемендиги. Дипломаттар жетишсиз, иш тезирээк болсун деп башка бөлүмдөрдөн чакырдык. Мен таарындым, элчиликтин кызматкерлери да таарынды», - деди Кытай элчиси.

Ду Дэвэн 1 күндө, жада калса 1 айда бардык визаларды берүү жана бардык виза талаптарын бүтүрүү мүмкүн эмес экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости