www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын 14 айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди каттоо аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, 14 айылдык кеңештеги мандаттардын жалпы саны 254 болсо, анын ичинен 97 мандат шайлоо округдары боюнча аялдарга калтырылган.

14 айылдык кеңешке жалпысынан 493 талапкер көрсөтүлсө, анын 174ү аялдар. 470 талапкер катталса, анын 164ү аялдар.

Айылдык кеңештерге депутаттарды шайлоо 9-апрелде өтөт.

Буга чейин президент Садыр Жапаров «Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койгону маалымдалган. 

Последние новости