www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол эрежесин бузгандарга жазаларды катаалдаштыруу боюнча жаңы мыйзам 8-мартта күчүнө кирген эле. 

Коомчулукта дал ушул мыйзамга карата азыртадан нааразычылыктар арбын айтылууда. Көпчүлүк мас болуп машина айдагандарга жазаны катаалдатканды колдоп жатышкан менен айып пулдун өлчөмү 15 миң сом болгону өтө жогору экенине нааразы болушууда. 

Жаңы эрежелер киргеден тарта Ош облусунун аймагында жол инспекторлору 8-марттан 21ине чейин ичип алып машина айдаган 43 айдоочуну кармады. Бул тууралуу Ош облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош облустук сотунун чечиминин негизинде төрт айдоочу үч суткадан беш суткага чейин камакка алынган. Жети айдоочу бир жылдык мөөнөткө унаа айдоо укугунан ажыратылды. 11 айдоочу боюнча материал сотто каралууда. Ал эми 21 унаа ээсинин иши ЖКККБнын өндүрүшүндө турат. Материал тескелип бүтсө сотко жиберилери айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости