www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-июнда эртең менен Вашингтондогу үйүнөн Тажикстандан чыккан 45 жаштагы Лола Голумованын жансыз денеси табылган. “Ахбор” жазып чыкты.

Полиция эшикти талкалап үйгө киргенде, Голумованын ажырашып жаткан жолдошу Джейсон Риффтин өзүн-өзү атканын да көрүшкөн. Ал ооруканага жеткенде башка атылган октон каза болуп калган.

Полициянын божомолунда, АКШнын Мамлекеттик департаментинин кызматкери алгач жубайын өлтүрүп, андан соң өзүн аткан. Жейсон менен Лола ушул жылдын мартында 18жылдык бирге өмүр сүрүүсүнөн соң ажырашкан. Алардын ортосунда, кырсык учурунда үйдө болбой калган эки кызы бар. Ошол күнү жубайлар ажырашуу процессинеги акыркы сотко бармак.   

Washington Post жазып чыккандай, Гуломова жаңы 4 жылдык келишимге кол коюп  2020-жылы Белградга учканы жаткан. Өзү менен кошо эки кызын алып кетүүнү каалаган, бирок, ага Рифф макул болбой жаткан.

Лола Голумова Тажикстанда төрөлүп, элдик бийлерди изилдөө менен алектенген. Турмушка чыгуу менен АКШга келе берген. Өз кезегинде NASAда, АКШнын Мовквадагы элчилигинде, АКШнын Соода жүргүзүү министрлигинде иштеген. 2010-жылы Тайванда иштеген жана ошол кездеги президент Барак Обаманын Индияга визитине даярдыкка катышкан.

Ал Тажикстандан чыккан океандын ары жагында карьера жасап, ийгиликке жетише алган бирин-экиндин бирөө эле. Лола Голумованын достору, жакындары аны абдан ишенимдүү, адамкерчиликтүү жакшы адам катары сыпаттап, кыздарын өтө жакшы көргөндүгүн эскеришүүдө.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости