www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары Бишкекте саммит өткөзүп жатат, бир кезде тыныгуу убакыт болуп калды. Кой көптөн бери жолугуша элекпиз, бир жакшы черибизди жазып анекдот айтып алалы дешет.  Шанхай кызматташтык уюунун мамлекет башчылары дайыма жолугуп бири-бирине анекдот жүрүшүп анекдотторду жатка билип калган. Ошондуктан, убакытты үнөмдөш үчүн анекдотторго номер коюп алышкан. Орусиянын мамлекет башчысы Путин анекдот баштайт:

-Жыйырма эки! –дейт, угуп отургандар бүт шарактап күлүп, ушул айтканы мыкты анекдот көптөн бери жакшы күлө элек дешет.

Мен дагы бир анекдот айтып койойун дейт Кытайдын  лидери Си Цзиньпин, бардыг кулагын төшөп калышат:

-Кырк жети! –дейт, өткөн жумада президент болгон Токаевден башкаларынын боору эзилип калат. Токаев жаңы президент болсо элдин көңүлүн ачканга бир анекдот айтайын дейт. Кубанып турган мамлекет башчылары анын анекдот ун угалы дешет. Токаев жаңы гана келип кайсы анекдоттун номуру канчанчы экенин билбейт, болжоп туруп:

-Он үч! –дейт, жанагы каткырып жаткан мамлекет башчыларынын бири жок, бары тең сумсайып калышат. Кытай лидеринин шоумен жубайы Токаевдин жанына басып келип: “Ушунуңуз уят да!” +-деп, мамлекет башчыларынын жубайлары бүт чыгып кетет.

-Касым-Жомарт мырза биз өтө уяттуу анекдотторду жубайларыбыз жокто гана айтышабыз, жубайларыбыз барда мындай уяттуу анекдотту айтпайбыз.-дешиптир мамлекет башчылары.  

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости