www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР ЖК МЧЖнын стенограммасынан. 13-июнь 2001-жыл.

А.Бекназаров: «Урматтуу депутаттар, урматтуу төрага, сөз бергениңиз үчүн сизге рахмат!

Урматтуу депутаттар!

Кыргыз-кытай чек арасы боюнча быйыл апрель, май айынан, жаз күндөн баштап эле маалымат каражаттарына чыгып жатат, өзүңүздөр билесиздер. Мен мындан үч-төрт күн мурда бул боюнча өзүмдүн доклад-информациямды таратып бергем. Окуп таанышкан болушуңуздар керек. Ошон үчүн мен ал доклад-информациямды кайталоонун кажети жок деп эсептейм.

Ал жерде колумдан келишинче, бул биздин демаркационный, делимитационный комиссиянын жетекчилери, биздин Тышкы иштер министрлиги айтып жүргөндөй талаш жерлердин саясий-экономикалык жактан өзгөчөлүктөрүн, талаш жерлердин эмне деген жер экенин толук айтып, көрсөтүп бергем. Колуңуздарда бар болуш керек.

Менин азыр айтайын дегеним, Иманалиев менен Аламанов мырзалардын «бул жер талаш болчу, биз Эл аралык укуктардын негизинде чечтик» - деген тыянактарына каршы экенимди, ошондой эле Эл аралык укуктардын чегинде юридикалык, тарыхый жагынан де-факто-кылымдардан бери бул жер кыргыз жери экенин, де-юре - Кыргызстандын жери экенин далилдеп айтып берүүгө аракеттенейин:

Хан-Тенгри, Жаңы-Жер, Үзөнгү-Кууш, Боз-Айгыр, Ходжент, Эркеш-Там чын эле кытайдын жерлериби дегенден баштайлы. 1996-жылы 4-июлда Бишкек шаарында Кыргызстандын Президенти А.Акаев менен Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзянь Цземин ушул кытай-кыргыз чек арасы боюнча келишимге кол коюшкан.

Ошол келишим боюнча ушул беш талаш жердин ичинен Беделден Үзөнгү-Куушка чейинки жерден башкасы чечилген. Ал эми Үзөнгү-Кууш кийинки сүйлөшүүлөргө калтырылган. 1999-жылдын 26-августунда Үзөнгү-Кууш боюнча Бишкек шаарында Президент Аскар Акаев менен Кытай Эл Республикасынын Төрагасы кошумча келишимге кол коюшкан. Муну сиздерге маалымат катары айтып кетейин.

1996-жылдын 4-июлундагы биринчи келишим биздин ЖКнын Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ратификация болгон. Биздин палатага 1997-жылы келген экен. Мен докладымда көрсөттүм эле. Ратификация болуш үчүн мурдагы эски Эл аралык келишимдер жөнүндөгү мыйзам боюнча сөзсүз комитетте каралып, комитеттин чечими менен палатага чыгыш керек. Бул документ спикердин колу менен ошол кездеги комитеттин төрагалары А.Кадырбековго, А.Сабировго, Т.Бакир уулуна жөнөтүлгөн.

Менин бул иш боюнча депутаттык иликтөөмдө болгону А.Кадырбековдун комитетинде протокол бар экен. Ал Мухамеджанов башкарган бөлүмдө да протокол бар болуп чыкты. Протокол боюнча башында төрт депутат катышыптыр. Бирок, алардын чечими жок. Мындайча айтканда комитеттин жыйыны болгонбу же болгон эмеспи тийиштүү документтер жок.

Бирок биздин палатада ратификация болгон. Ратификация болордун алдында Тышкы иштер министри М.Иманалиев, Коргоо министринин биринчи орун басары Исмаил Исаков чакырылган деган маалымат бар. Бирок бул кишилердин катышканы, катышпаганы тууралу маалымат жок. Анткени келишимди караганда эч кандай стенограмма, магнитный жазып алуу жүргүзүлгөн эмес. Ким кандай добуш бергендиги белгисиз. Башында бир да протокол жок деп жатышкан.

Бирок эки, үч күндөн кийин бир протоколду таап беришти. Ага ошол кездеги төраганын орун басары, маркум Шералы Матенович кол койгон экен. Ал протокол боюнча 28 депутат катышып, бары тең «макул» деп добуш беришиптир. Чындыгында кээ бир депутаттар катышкан эмес. Башка документтер жок.

Үзөнгү-Кууш боюнча кошумча келишимге 1999-жылы 26-августта Бишкек шаарында кол коюлганы менен Жогорку Кеңешке келген эмес. Эч кандай ал тууралуу документ жок. Мынакей мен мынча документ топтодум. Бардык тийиштүү документтер бар. Кааласаңар таанышкыла. Эч кандай документ өкмөт же Президент тарабынан бизге келген эмес. Эч жерде бир да комитет караган эмес. Исмаил Исакович бир документке Адылбек Кадырбеков 1999-жылы август айында кол коюп койгон дегендей кылып жатат. Мен ойлойм. Кадырбеков комитет эмес. Анын үстүнө август айында Мыйзам чыгаруу жыйыны каникулда болот. Иш күн болуп эсептелбейт. Муну менен үстүрттөн силерге маалымат берип коеюн деп гана айтып жатам.

Урматтуу депутаттар, ал эми Эл аралык укуктар боюнча эмне үчүн бул жерди талаш жер деп эсептебейм. Эл аралык укуктун нормаларында жерге болгон бир тараптуу дооматтар талаш жер деп эсептелбейт. Эгерде биз мырза Иманалиев менен Аламановдун айткандарына ишене турган болсок Кытай тарап ушул биздин жерлерди кылымдардан бери талашып келишиптир. Бирок документтер көрсөтүлө элек.

Экинчиден, мамлекеттик чек аралар Эл аралык укук боюнча келишимдик же болбосо тарыхый калыптанган чек аралар болуп экиге бөлүнүп ошонун негизинде гана чечилет. Ушул учурда Кытай менен Кыргызстандын ортосунда экөө тең  бар десек болот. Мен окуп берейин. Бул маселе боюнча 19-кылымдын экинчи жарымында түзүлгөн Чугучак протоколу бар. Чугучак протоколу боюнча 1864-жылдын 5-сентябрында Кытай менен Царский Россиянын ортосунда келишим бар экен.

Ошол келишим менен азыркы  Кытай менен СССРдин чек арасы  чечилген. Алар Какшаал тоосу Алайкуу тоосу менен анан Чоң  Алайдын эң  бийик  кырка тоолору менен өтөт. Мына булар боюнча протокол бар. Кааласаңыздар таанышыңыздар. Келишимге орус тарабынан генерал-консул Иван Захаров, полковник Иван Бобков катышыптыр. Ал убакта Кытай мамлекети жок болчу. Орусча так айтканда кагазда «Великого Дайцинского государство по высочайшему повелению назначен для определения Северо-Западной границы», деп туруп, «Тарбагатайский Шебей Абман имеющий звание помощника корпусного командира Слин», ошондой эле титулу бар Батру Болгосу дегендер катышышкан. Мөөрү жана коюлган колдору менен ушул документтер  Россиянын жана Кытайдын архивинде азыр да сакталып турат. Бул биринчи протокол.

Кийин 1882-жылы Кашкарда дагы бир протколго кол коюлган. Ал жерде Хан Тенгриден баштап Беделге чейин. Кашкар кырка тоолорунун үстү менен өткөн, мына окуп берейин: «Далее перевода границы через Кумар названный на карте реки Джинар, уполномоченный комиссар как и прежде продолжал исследовать на юго-запад вдоль склона юго-восточного хребта Тянь-Шаня, определили граничнию линию направить по вершине этого хребта». Чек ара Какшаал тоосунун чокусу менен кетип жатат. Бирок, чек ара бөлүштүрүү кыш болуп калгандыктанбы Беделге келип токтоп калган.  

Эки жылдан кийин 1884-жылы ушул эле келишимди Россия менен Кытай Маргалаңда кол коюшуп улантышкан. Анда Беделден баштап азыркы биздин Алай кырка тоосуна чейинки чек араны такташкан. «Смотря по направлению главного хребта как обозначенного на картах красной чертой проходит через перевал Бозайгыр, Корпобел, Кыпчак, Ерек, Орто-Суу, Кызыл-Кур, Туюн называемой на по Китайски «Соок» всех наименованиях 14 пунктах поставлены граничные знаки. Все западные склоны этих гор. Которые в наименовании вышеназванные перевалы все земли с протекающими на них реками лежащих к западу. От выщеупомянутом  пунктом соединенных между собой общей пограничной чертой составляют владения Российской империи».

Мындайча айтканда Таджикстанга чейин чечилген. Булар царский Россиянын убагында түзүлгөн документтер. Эл аралык укуктун нормаларында «правопреемственность государства» деген түшүнүк бар. Ошол Эл аралык укуктун шарттарында царский Россиянын аймагын правопреемник катары СССР кабыл алган.

СССР 1990-жылы тарагандан кийин правоприеемственность боюнча он беш республика өздөрү ээлеп турган ошол аймактарга ээ болгон. Мындан башка да Эл аралык нормаларда «признание» деген дагы бир түшүнүк бар. Бизди, Кыргызстанды 1990-жылы СССР тарагандан  кийин бүткүл дүйнө жүзү өз алдынча мамлекет катары, ээлеген аймагыбыз, сызылган картабыз жана борбор шаарыбыз  менен тааныган. Ошонун ичинде Кытай да бар. Алар 1991-жылы 27-декабрда биздин чек ара боюнча эч кандай талашыбыз жок деп таанышкан.

Ошонун негизинде 1992-жылдын 5-майынан баштап дипломатиялык кызматташууну жүргүзүп келе жатат. Биз Кытай менен болгон кызматташуу келишимине кол коюлуп жатканда Тайванды Кытайдын бир бөлүгү катары таанып бир пункт менен кол койгонбуз. Эмне үчүн Кытай тарап чек ара боюнча талашы болсо ошондо айтпайт. Келишимге биздин талаш маселебиз бар деп бир пункт кылып Тайванга окшотуп киргизип койсо болот эле да. Мындай болбогондон кийин Кытай тарабынан биз Кыргызстан талаш жери жок эле таанылганбыз. Бул фактыдагы талаш жерлер кийин биздин мамлекеттик жетекчилердин кайдыгерлигинен же кызыкчылыгынан жол берилген дегенге мага укук берет.

Урматтуу депутаттар!

Бардык Эл аралык келишимдерде эки мамлекеттин ортосундагы түбөлүк достук жана кызматташуу же бир мамлекетти эгемендүү өлкө катары таануу болобу, айтор ошол келишимдин ажырагыс бөлүгү катары картасы кошо тиркелет. Биздин Кыргызстандын эгемендүүлүгүн алгандагы картабыз Аскар Акаевдин кызматтык бөлмөсүндө да илинип турган болуш керек. Бүгүн мен Кыргызстандын кызыкчылыгы толугу менен ишке ашып жатат деген сөздөргө кошула албайм. Мурда Кыргызстанга толук таандык Хан Тоонун чокусу үчкө бөлүнүп, Хан Тенгринин айланасынан 100 процент сураган жердин 60 процентин алып калып, 30 процентин  берип, дипломатиялык чоң ийгиликке жетиштик деп кантип мактанабыз?

Жаңы-Жер деген жерди толугу менен, Үзөнгү-Кууштан 87200 га жерди берип жатабыз. Анан ушул иш дипломатиялык жетишкендик  болобу? Мындан башка 3 келишимге тең Кыргызстандын туруктуу жашап жатышкан атуулдары катышкандыгына да күмөнүм бар. Мүмкүн губернатор, акимдер кол коюшуп бергендир, ал элди катышты дегенге жатпайт. Эл депутаттары, мисалга А.Малиев эмне үчүн билбейт?

Урматтуу депутаттар! 1864-жылы Ат-Башыда ушул чек аралар каралып жатканда Жумгалдык Байзак баатыр протоколго кирбегени менен катышканы жөнүндө документтер бар. Ал киши Ат-Башыдан башталган чек араны бөлүштүрүүдө Эркечтамга чейин жеткиргенге катышкан дешет. Андан кийин Шабдан катышып жүргөн комиссия Тажикстанга барышып Жерге-Тал, Мургабдарды Курманжан датка менен макулдашып чечип келишкен.

Алар протоколго кирбегени менен Россия империясынын өкүлдөрү менен тыгыз катышып аралашып келген. А, бүгүнчү? Үзөңгү-Кууш маселеси чыгып жаткандан бери биздин эки комитеттин төрагалары, Абдимомунов менен Исмаил Исакович тынбай МИДке, өкмөткө, тийиштүү органдарга кат жазышты. Менде 20 чактысы турат. Биздин каттарга жооп беришкен жок. Тышкы иштер министринин орун басары Осмоналиевге рахмат айткым келет. Эң акырында ошол кишинин документтерди бергенине 2-3 күн болду. Алишер Абдимомунович кошумча макулдашууну да алыптыр.

Ал эми министр мырза М.Иманалиев «кытай-кыргыз чек арасы боюнча ТИМде эч кандай документ жок» - деп келген болчу. Кантип мындай болсун. Мен таң калам, биринчи подлинниктер ТИМде сакталышы керек. Законду окусаңар бардык жерде ушундай деп жазылган. Анан кантип эле ТИМде болбой калсын. Бул атайын жашыруучулук же чын эле жок. Кытай даярдаган документке Акаев кол койгон.

Урматтуу депүтаттар, менин маалыматым докладда жазылган, ошентсе да өзүм айтып коеюн. Кытай тарап талашып жаткан 5 жер тең  түбөлүк мөңгү жаткан суу ресурстары топтолгон жерлер. Талаш жерлердин үчөөсүндө Кытайга агып өтө турган дарыялар бар. (Сарыжаз, Үзөнгү-Кууш, Какшаал дарыялары). Демек жерлерибизди эмне үчүн сурап жатышканы өзүнөн өзү түшүнүктүү да. Мен азыр өзүмдүн токтомумду таратып жатам, сиздөр окуп көргүлө.

Биринчи макулдашуу да законду бузуу жолу менен кабыл алынган. Ратификация болсо да биз Президентке сунуш киргизишибиз керек, бизге кайра сунуш киргизсин. Денонсация жөнүндө маселени коюшубүз керек. Анткени башында кыскача айтып кеткендей бардыгы эл аралык келишимдер жөнүндөгү законго каршы болгон. «Закон 1999-жылы кийин алынган» - деп айтып жатышат. Закон мурда эле бар болчу. 1994-99-жылдары өзгөртүү гана кирген. Ошол жерде кандай тартипте  ратификация кылышыбыз керек толук жазылган.

Мен изилдеп көрсөм бизге негизги эле макулдашуу келиптир, аны менен кошо жок дегенде келишимдин ажырагыс бөлүгү болгон жаңы карта келген эмес. Эгерде ушу жерде отурушкан мүрдагы чакырыктын депутаттары Хан-Теңирден, Жаңы-Жерден, берки Бозайгыр, Ходженттен канча гектар жер кетип жатканын мүрдагы картадан карап, жаңысы менен салыштырып көрүшсө, бири да добуш бермек эмес. Бакир уулу «1 метр жер өтпөйт» деп айткан деп айтты. А картада бир эмес 126 миң гектарга жакын жер өтүп кетип жатат.

Анткени ошол эле келишимде жаңы  карта келишимдин ажырагыс бөлүгү деп жазылып турат. Депутаттар бардык документ менен камсыз болгон эмес. Мүмкүн депутаттар  оозэки сүйлөп 1 метр жер өткөн жок десе добуш берип коюшу мүмкүн. Ошон үчүн урматтуу депутаттар, комитеттин чечими болбогонуна, толук документ депутаттарга берилбегендигине, тийиштүү министрликтерден экспертизадан өтпөгөндүгүнө байланыштуу Президентке сунуш киргизишибиз керек. Жогорку Кеңешке ошол келишимди «денонсировать»  этүү жөнүндө закондун долбоорун киргизсин.

Эгер мыйзам долбоору киргизилбесе биз өзүбүз денонсация жөнүндө мыйзам кабыл алалы да, Президентке импичмент жарыялайлы. Ал эми Үзөнгү-Кууш боюнча түзүлгөн келишим жөнүндө эч кандай сөз болбошу керек. Беделдеги 7-точкадан 8-точкага чейин кийинкиге калтырылгандыгын мурдагы депутаттар айтышкан. Жогорку Кеңеш караган эмес. Ратификациядан өттү деп жатканы  калп.

Сөзүмдүн аягында айтып кете турган нерсе 1996-жылы 5-июлда Кытай Республикасынын төрагасы менен Аскар Акаевич ушул жерде ошол документке кол коюшканда, ошол убактагы биздин тышкы иштер министр Роза Отунбаева айым «тарыхый документтерге кол коюлду» - деп айткан экен. Газетадан таап тиркеп койдум. Биз дагы бүгүн ошондой тарыхый учурда турабыз. Эгерде бүгүн Президентке 126 миң гектарга чейин жерди денонсация кылдырып, ошол жерибизди сактап кала турган болсок. Биз дагы тарыхый документтерге добуш берген болобуз.

Cаламат Кулембекович (Аламанов) 1955-жылкы карта боюнча Өзбекстан менен жер талашып жатабыз дейт. Кыргыздын чыгаан уулу, тарыхый инсаны Исхак Раззакович учурунда биздин Кыргызстандын аймагын кайрадан тактоо үчүн карта түзгөн экен. Ошон үчүн биз бүгүн ошол документке басым жасап жатабыз, туурабы Саламат Кулембекович? Мындай инсандар тарыхыбызда аз учураган.

Жерлерибизди  кырк байталга, бир табак ашка сатып ийген, белекке берип жиберген, бир араба коонго сатып жиберген дегенди көп угабыз. Исхак Раззаковго окшоп аймагыбыздын, жерибиздин бүтүндүгүн көздөп, карталарды түздүрүп, Москвага чейин маселе койгон чыгаандарыбыз сейрек. Байзак баатыр, Курманжан датканы кошпогондо. Ошон үчүн биз дагы тарыхый миссияны аткарганы турабыз урматтуу депутаттар.

Эгерде менин долбоорумду колдосоңуздар 1996-жылдын 4-июлундагы биринчи келишимди денонсация кылышыбыз керек. Ал эми 1999-жылдын 26-августундагы кошумча келишим такыр мыйзамсыз. Себеби келишимге кол коёрдон мурда тиешелүү комитет менен макулдашыш керек болчу. Төртүнчүдөн ушул келишимдер каралып, даярдалып жатканда биздин айрым кызмат адамдарыбыз тарабынан шалаакылык кеткен деп эсептейм. Кыргызстандын таламын талашышкан эмес. А мүмкүн сатылгандыр.

Себеби С.Аламанов өзүнүн «Азаттыкка» берген маегинде, «кытай тарап Үзөнгү-Кууштун күнгөй тарабын биз жайыт катары пайдаланып туралычы деп, Советтер Союзунун убагында 1972-жылы Косыгиндөн суранышкан» - деп айтты. Демек алар бул жерлер кыргыздын жерлери экенинен улам сурап жатышат да. Буга окшогон мисалдар көп. Калгандарын стратегиялык-экономикалык жагын Исмаил Исакович  айтып берет болуш керек. Мен кыскача юридикалык, тарыхый жагын айтып өттүм. Дагы бир жолу кайталайм, тарыхый жагынан, жер, суунун аталышы айтып тургандай, ал кылымдардан бери кыргыздын жери болгон жана ошол аттары менен Орус карталарына түшүрүлгөн.

Эл аралык укуктун нормаларынан караганда да эч кандай кытай тарап ошол жерлерди талаш деп далилдей турган юридикалык документтери жок. Алардын методикасы ушундай. Элден мурда талаш участок катары тааныттырып, анан жерди бөлүп алышат. Казакстандын жерин да талаш аймак катары киргизишип анан талашышкан. Россия менен дагы ошондой кылып туруп анан кийин талашып атат. Биз менен дагы ошондой болуп жатат. Бүгүн тарыхый бир чөчим кабыл алышыбыз керек урматтуу депутаттар. Ошон үчүн менин токтомумду колдоп коюушуңуздарды өтүнөм».

Эң негизигиси Кыргыз Республикасынын биринчи Президенти, анын М.Иманалиев, С.Аламанов жана башка кызматкерлеринин активдүү жардамы менен 1996-жылдын 4-июлунда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти А.Акаев жана Кытай Эл Республикасынын төрагасы Цзянь Цземиндин колу коюлган кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү макулдашуунун натыйжасында Кыргызстан Хан-Тенгри чокусунан, Эңилчек түбөлүк муз массивинен, Жаңы-Жер участогунан (Сарыжаз дарыясынан жээктери), Бозайгыр-Акжээктен (Какшаал дарыясынын жээги) жалпы аянты 358,71 кв. км жеринен айрылганы аныкталды жана ачыкка чыкты.

А.Бекназаров. «Аксы ыйы – улут кайгысы». «Бийиктик» 2010-ж. 46-54-бб.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости