www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 6-октябрда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Бишкек шаарындагы Патрис Лумумба көчөсү, 54/7 дарегинде жайгашкан жаңы мектептин ачылыш аземине катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев мектептин курулушу жана анда түзүлгөн шарттар тууралуу маалымат берди.
Ошондой эле республика боюнча дагы 19 социалдык объект онлайн форматта ачылды. Жалпысынан 20 объекттин ичинде мектептер жана бала бакчалар бар.
Алардын ичинен Бишкек шаарында 10, Манас шаарында 3, Ош шаарында 2, Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда 2, Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 1, Ош облусунун Алай районунда 1 жана Талас облусунун Айтматов районунда 1 объект пайдаланууга берилди.
Үч шаардагы 15 мектептин курулушу 2026-жылы Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы менен башталып, 7–8 айдын ичинде аяктаган. Объекттер республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан ишке ашырылды.
Жаңы мектептерде заманбап жылытуу, желдетүү, суу жана электр системалары каралган. Окуу кабинеттерине заманбап эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар орнотулган.
Мындан тышкары, айрым мектептерде күн панелдери, лифттер, спорт залдары, медициналык жана стоматологиялык кабинеттер, лабораториялык жана компьютердик класстар каралып, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар үчүн жеткиликтүү шарттар түзүлгөн.