www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана Омбудсмен Институтунун кызматкерлери Кыргызстандагы баардык аймактарды кыдырып, жергиликтүү калк менен жолугушуп кайткан. Кубат Оторбаевдин айтымында ичүүчү таза сунун көйгөйү ачык эле көрүнүп турат, калкты таза суу менен камсыз кылуу зарлы жкендигин айтат. 

-Кубат мырза, өткөн жылы Кыргызстандын баардык аймактарын кыдырып жергиликтүү калк менен жолугушуп, таза суу маселесине күбө болуп келгенсиз. Ар бир аймактардагы көйгөйлөрдү айтып берсеңиз...

-Өткөн жылы чындыгында Кыргызстандын баардык аймактарын кыдырып келдик. Четинен мисал катары айта кетсем алсак Нарын областында 135 айыл бар. Анын ичинде 22 айылдын тургундары ичүүчү таза суу менен камсыздалган эмес. Мындан башка дагы 22 айылда оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынат. Нарын областынын – Алыш 94 үй-бүлөдө, Кеңеш 125 үй-бүлөдө, Доболу 514 үй-бүлөдө, эски советтик түтүктөр 2005-жылы “Таза Суу” долбоорунун алкагында  алмаштырылган экен. Тилекке каршы түтүктөр сапатсыз жана диаметри кичине болуп чыккан. Кийинки мезгилде кээ бир жерлерде эски түтүктөрдүн бетин боеп, кайра коюп койгону ачыкка чыккан.

-Талас облусунда абал кандай экен?

-Талас областында жалпысынан 91 айыл жана 1 шаар бар болсо, таза ичүүчү сууга 36 айыл муктаж. Анын ичинде: Талас району – 15 айыл, Бака-Ата району – 5 айыл, Кара-Буура району – 8 айыл, Манас району – 8 айыл. Ал эми Ысык-Көл областында бардыгы 176 айыл бар. Анын 17 айылынын жашоочулары ичүүчү таза суу менен камсыздалган эмес. Мындан башка 84 айылда ичүүчү суу талапка ылайык келбейт. Мониторингдин жүрүшүндө Каракол шаарында суу тазалоочу курулмаларда механикалык гана тазалоо жүргүзүлөрү белгиленген, ал эми биологиялык станциялар 10 жылдан ашык убакыт иштебей турушат. Санитария ченемдерин сактабагандыгы үчүн “Водоканал” КИнин директору С.Өмүркановго 10000 сом көлөмүндө жаза пул салынган. Булан-Соготу айлында суу көйгөйү ачык бойдон турат. Айыл тургундары сууну “Аврора” пансионатынын суу резервуары аркылуу керектешет, бирок жайкы убакта “Аврора” пансионатынын сууну керектөөсү жогорулагандыктан суунун агышы азаят, бул калктын жашоо шартын бир кыйла татаалдантат. Ошондой эле Ысык-Көл районунун Семеновка айылында да сууга жетүү көйгөйү бар. Айылдын тургундарынын сөзү боюнча күнүгө саат 18-00дө суу өчүрүлөт жана эртең менен саат 8-9да күйөт. Ошондуктан айылдын тургундары сууну атайын идиштерге толтуруп алууга мажбур. Жети-Өгүз районунун Ырдык айылынын тургундары таза ичүүчү суусуз жашап келишет. Калкы 700 үй-бүлөгө жакын. Суу негизинен жок, жашоочулар сууну арыктан алышат, мындай шарт жергиликтүү калктын ден соолугуна терс таасир берет. Айылдын тургундарынын сөзү боюнча жергиликтүү бийлик бул көйгөйгө керектүү көлөмдө көңүл бурбайт. Суу көйгөйү Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында да бар. Суу кудуктардан жана чорголордон ылайлуу болуп агат, өзгөчө жамгыр жаагандан кийин, аны ичүүгө болбойт. Жашоочулар сууну өз алдынча тазалашат.

Суунун кысымы өтө начар, ал эми жайында мезгил-мезгили менен суу такыр болбойт. Айылдын тургундары сууну сактоо үчүн атайын идиштерге толтуруп алууга мажбур. Жашоочулар жергиликтүү башкармалыктардын бул көйгөйдү чечүү үчүн эч кандай чара көрбөгөнүнө нааразы.

Баткен областында 191 айыл бар, анын 85 (45 %) айылынын ичүүчү таза сууга жетүү мүмкүнчүлүгү жок. Анын ичинде Баткен районунда – 19 айыл, Кадамжай районунда – 56, Лейлек районунда – 9, Кызыл-Кыя шаарында. Мындан башка табигый кырсыктардын кесепетинен (селдер) 16 айылда капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүү керек.

-Кубат мырза, Баткен облусунда жергиликтүү жарандар көбүн эсе кайсы көйгөй менен Сизге кайрылды...

-Баткен областынын жашоочулары менен жеке жолугуушуда суу менен камсыздоодо бир катар көйгөйлөр айтылды. Мисалы Баткенде жазында жана жайында ичүүчү сууну берүү бир катар жолу бир канча күнгө токтотулат, анткени сел агындары шаардык суу сактагычты булгангандыктан, жашоочулар, мамлекеттик мекемелерге чейин, сууну санитария ченемдерине жооп бербеген  ар түрдүү идиштерге толтурат. Ал аз келгенсип, сууну жамгыр жааганда да өчүрөт, анткени тазалоочу курулмалар иштебейт жана чорголорго булганган суу келет, ал эми идишти арык сууда жууш керек болуп калат. Мунун баары областта түрдүү жугуштуу илдеттердин жана ичеги оорулардын өнүгүүсүнүн жана жайылтуусунун себеби болуп саналат, булар аймактын адамдарынын жашоосуна жана улуттун жалпы генофондуна ири коркунуч алып келет. Баткен областынын Төрт-Гүл районундагы Чоң-Талаа айылында жашоочулар сууну чоң үзгүлтүк менен алышат, кээ бирде жумасына 4 күн суу жок, суу колонкалары жарабай калган. Тургундар менен сүйлөшүүдө сууну суткасында үч-төрт саатка гана берери, сууну ар бир жашоочу атайын идиштерде сактай тургандары белгиленген. Сууну алуу үчүн жашоочулар алыс барууга мажбур. Ошондой эле Төрт-Гүлдө мамлекеттик суутоптомо жок, суу менен камсыздоону жеке адам жүргүзөт, ошондуктан сууну берүү жана тариф саясатын жөнгө салууну эч ким камсыздабайт.

-Жалал-Абад менен Ош облусундачы...

-Жалал-Абад областында Тогуз-Төрө районунда-17 %, Аксы районунда – 30,8 %, Ала-Букада – 36,5 %, Майлуу-Суу шаарында – 63 %, Жалал-Абад областында суу менен камсыздоо жана канализация борборлоштурулган тутумдары кароосуз, начар абалда калган же такыр жок, ошондуктан Майлуу-Суу шаарында жана Ноокен районунда келте менен ооругандардын саны 70 %дан 86%га чейин катталган. Ал эми Ош областында бардыгы 250 калк конушу бар. Анын 227 конушундагы 464000 адам ичүүчү таза сууга жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Араван районунда калктын 85 % таза суу менен камсыздалган, бирок 800 адамдан турган Керки-Дөң айылы таза ичүүчү сууга жетүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Кара-Суу районунда таза ичүүчү суу менен 88,4 % калк камсыздалган. 2015-жылы суу менен камсыздоонун жаңы тутумдары орнотулганына карабастан, Социализм айылында чоң көйгөй бар, анткени коюлган түтүктөр тешик жана андан өткөн суу сыртына агып кетип жатат. Өзгөн районунда калктын 80 % таза суу менен камсыздалган, Бостон айылында таза ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн скважина бургуланган, бирок тургундардын сууга болгон салыкты төлөбөгөндүгү үчүн суу өчүрүлгөн, ошондуктан жашоочулар сууга айылдан үч километр аралыкка барышат, ал суу санитардык-эпидемиологиялык ченемдерге ылайык келбейт жана жугуштуу илдеттердин өнүгүүшүнө өбөлгө түзөт. Кара-Кулжа районундагы 49 айылдын ичинен 30 айыл ичүүчү таза суу менен камсыздалган, Чоң-Алай районунда 23,5 % айыл таза суу менен камсыздалган.

Ош областынын Ош шаарынын Кирпичный районунда жана Южный чакан районунда мындай көйгөй өтө курч. Бул райондордо суу саат же сутка боюнча берилет (бир күн берилет, эки-үч күн берилбейт). Ал эми Чүй областында суу менен камсыздоо 21 % түзөт. Анын 333 айылынын ичинен 51 айыл сууга өтө муктаж. Алыс жайгашкан жерлерден суу алуу адамдын ден соолугуна, өзгөчө аялдар жана балдар үчүн кесепети катуу тиет. Сууну ташуу алар үчүн оор жана көп убакытты талап кылат.

Дагы бир өтө маанилүү жагдай – бул балдар үчүн колун жуу үчүн шарт түзүү. Суу жок болсо, аны жасоо кыйла оор. Кол жууганга шарт болбогондуктан, балдардын көбү диареяга дуушар болуп, кээ бирлери каза болуп калып жатат.

Бишкек шаарынын тегерегиндеги калк конуштарынын суу менен начар камсыздалышы боюнча көйгөй түзүлгөн, ал ирригациялык тармактардын жоктугу менен күчөгөн. Бишкек шаарынын калк конуштарынын тургундары менен өткөрүлгөн ар кандай жолугушуулардан кийин Акыйкатчынын (Омбудсмендин) аппаратынын кызматкерлери коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо маселеси тийиштүү мамлекеттик органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары тарабынан тийиштүү деңгээлде чечилбей жатат деген корутундуга келишти.

-Кубат мырза, таза суу боюнча көйгөйдү сиздерге жарандар кат аркылуу кайрылып турушабы? 

-Мисалы биздин дарекке ичүүчү суунун жоктугуна нааразы болушуп, Арча-Бешик жана Ак-Ордо калк конуштарынын жашоочулары жамааттык арыз менен кайрылышты. Бишкек шаарынын мэриясынын маалыматына ылайык суунун басымынын төмөндүгүнөн ичүүчү суу жок болуп жатат. Жергиликтүү тургундарга сууну жеткирүү уюштурулган. Суунун басымынын жоктугунун бир себеби калктын өзүнүн үйүндөгү короо-жай тилкесин ичүүчү суу менен суугарганы болуп жатат. Мындан башка ичүүчү суунун жоктугуна ири көлөмдөгү сууну чыгымдаган жеке жана коммерциялык объектилер болуп саналат: унаажуугучтар, мончолор, жеке балдар бакчалары, кафелер ж.б. Бишкек шаарынын мэриясы түзгөн жумуш топтор тарабынан жогоруда аталган объектилердин 26сы өчүрүлгөн, калкты короо-жай тилкесин ичүүчү суу менен суугарууга тыюу салуу тууралуу эскертүү берүү үчүн ар бир үйдү кыдыруу жүргүзүлөт.

Коопсуз ичүүчү суу менен мектеп окуучуларын камсыздоо маселелери толугу менен чечиле элек. КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык республиканын 63 мектебинде санитардык эрежелер жана окуу процесстери бузулган, окуу үч кезметте жүргүзүлөт. Мектеп окуучуларынын жеке гигиена эрежелерин тутуу үчүн шарттарды түзүү маселеси чечилген эмес, Бишкек шаарынын 12 мектебинде балдар короодогу ажатканага барууга аргасыз. Ошондой эле балдардын көбү сууну мектепке алып келүүгө же аны сатып алууга аргасыз болушат.

Ош жана Баткен областтарынын кээ бир мектептеринде коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоо көйгөйлөрү бар. Натыйжада, калк конуштарында балдардын ичүүчү суу аркылуу жуккан энтеробиоз, аскаридоз, лямблиоз жана гименолепидоз менен ооругандардын 61ден 79%га чейинки саны катталган (Ден соолукту профилактикалоо жана экспертизалоо департаментинин маалыматына ылайык).

“Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарын ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу тутумдарын өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки “Стратегиясында дагы санитария темасы көтөрүлгөн. Өзгөчө, ичүүчү суу аркылуу жуккан оорулар менен күрөшүүгө өлкө 4,8 млрд. сомдон ашык сумманы сарптайт, муну менен катар ар жыл сайын 30000ге жакын курч ичеги илдеттери катталган.

-Рахмат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости