www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 25 — март күнү Акжол чегара бекетинен башталган окуя аягы кайгылуу аяктады десем жаңылбайм. Котологон эл Садыр Жапаровду тосуп алуу үчүн чегарага барган эле, бирок тилекке каршы ал жерден баш кесер , канкорду кармагансып  экс депутат Садыр Жапаровду элге жеткизбей кара джиптерге салып топтолгон элди как жара ызгытып айдашып, УКМКнын абагына алып кетишти. Ал жердеги эл ошону менен калбай Горький багында аянтка топтолуп, эл уулун колдоп алалы деген чакырыктар менен УКМКга жөө самсып жөнөштү. УКМКнын алдында бир нече сааттар бою жалындуу сөздөрдү сүйлөп, Садыр Жапаровду, Өмүрбек Текебаевди жана андан мурунку саясий куугунтукталгандарды бошотуу талабы менен турушту. Менимче элдер маданияттуу эле турушкан , негизинен алды жактагы жаштар болчу, аларды провакаторлор күүлөп жатты окшойт нээгедир мезгил мезгили менен алдыга сүрөп кайра өздөрү кетип калып. Натыйжасында тирешүү пайда болду.

УКМКнын дарбазасы ачылып ал жактан брожелетчен, автоматчан спец. наздар чыга келишти, элдин саны менен милициянын саны дээрлик теңеле түштү. Бийлик аябай даярданганы билинип турду. Бет алдыларында  аялбы , кызбы, же эркек дебей ур тепкиге алып киришти. Элдер  качууга аргасыз болду. Ондогон жаш балдар, кишилер колдору кайрылып милициянын колуна түшүп жатты.

Мына тынч митингге чыккан элдин акыбалы. Бирок мен муну менен элди сынды дебейм, акыйкаттык жана эркиндик үчүн кыргыз эли дагы миң жолу туруп берээрине терең ишенем. Чындык үчүн, акыйкаттык үчүн баарына бараарына ишенип ушул эл менен сыймыктанып, ушул элдин өкүлү экендигиме сыймыктанып кайттым !

Шамил Карабала уулу

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости