www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент  Алмазбек Атамбаевди  басма сөз эркиндигин  муунтуп  жатат  деп сын таккандар  айтышууда.  Сиз кошуласызбы?

Туура албетте. Бул атайылап мамлекеттин эң жогорку бийлигинде  олтурган адам  өзүнүн бийлигин, кол алындагы сотторун, укук коргоо органдарын, массалык  мааламыт каражаттарын пайдаланып, ага жакпаган, аны сындаган  массалык маалымат  каражаттарын муунтканга аракет кылып жатат. Мындан сырткары  аябагандай көп  суммадагы доого жыгып жапкандын аракетин көрүүдө. Бул  бизге окшогон авторитардык мамлекеттерде гана болушу мүмкүн.

Демократиялык мамлекеттерде  президенттер, премьер-министрлер жана анын жакындары адатта  массалык  маалымат каражаттарын сотко бербейт. Өзгөчө алар сындаган учурларда. Бизде  бул бүгүнкү күндө бийликтин чыдамы кетип,  эмне кылаар айласын таппай, акчалай доого жыгып, акча аркылуу массалык маалымат каражат аркылуу жаап, ооздорун басалы деген аракеттер болгонун көрүп жатабыз. Бул абдан өкүнүчтүү нерсе.

Баяна Кулова, "Жаңы ОРДО"

Последние новости