www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен жолугушту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара аракеттенүүнүн жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, республика үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылык катары «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, ресурстук жана энергетикалык үнөмдөө, энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактарын пайдалануу, өлкөнүн глобалдык жылуулуктун кесепеттерин алдын алуу боюнча эл аралык аракеттерге кошкон салымы эсептелерин кошумчалады.

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай жакында борбордо энергетика тармагын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары сунушталган, өлкөнүн энергетикалык тармагын трансформациялоо боюнча форумдун ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи. Ошондой эле ал министрлер кабинети тарабынан даярдалган Антикризистик чаралардын планын белгилеп, кыргыз тарапты Кумтөр кени боюнча келишимдин түзүлүшү менен куттуктады.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда ирригация, айыл чарба жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдирди. Финансы институтунун өкүлү республикага агробизнести өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

 Булак:NazarNews.kg 

Последние новости