www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара: Ок атышууга байланыштуу кылмыш иши козголду

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы 12-апрелдеги ок атышууга байланыштуу “тынчтыкка каршы кылмыш” беренеси менен кылмыш иши козголду. Прокуратуранын билдиришинче, мекемелер аралык тергөө тобу түзүлдү.

Кыргыз-тажик чек арасында 12-апрелде ок атылган окуя катталган жана тараптар үч ирээт жолугуп сүйлөшкөн.

Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөрү айтылган.

Бул жаңжалда Кыргызстандын алты жараны жараат алган. Саламаттык сактоо министрлиги Раззаков шаарындагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун хирургия бөлүмүндө төрт киши жатканын билдирген.

 Булак:NazarNews.kg 

Последние новости