www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сентябрь айында Кыргызстанда 20 миң орусиялык жаран расмий катталды. Бул - өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы Калкты тейлөө борборлоруна барып, каттоодон өткөн орусиялыктардын саны экенин санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдар Мамбетов "Азаттыкка" билдирди. Анын сөзүнө караганда, жыл башынан бери Кыргызстанга келип, расмий катталган орусиялык жарандардын жалпы саны 190 миңден ашты.

Эреже боюнча, Кыргызстанга келген орусиялыктар 30 жумушчу күн аралыгында каттоосуз жүрө алышат. Андан соң алты айга каттоого турушат. Алты айдан кийин же өлкөдөн чыгып кетүүгө, же каттоосун дагы жарым жылга узартышы керек.

2021-жылы Кыргызстанда 210 миң орусиялык каттоого турган.

21-сентябрда жарыяланган мобилизацияга байланыштуу жүздөгөн орусиялыктар, негизинен эркектер жапырт өлкөдөн чыгып кетип жатышат. Мунун жыйынтыгында башка мамлекеттерге, негизинен Грузия, Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстанга агылгандар көбөйдү. Эксперттер Коргоо министрлигине кеңири ыйгарым укук берилгенин, согушка иш жүзүндө аскерде кызмат өтөөгө милдеттүү ар бир киши тартылышы мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Орусиянын өзүндө мобилизацияга каршылык акциялары уланууда. Аларды полиция күч менен таратып, жүздөгөн адамдарды кармап кетти.

Булак: Азаттык

Последние новости