www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын (ЭӨА) ортосундагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоорун каржылоо боюнча макулдашуунун планы бекитилди. Мындай чечим бүгүн Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында кабыл алынды.

Насыянын суммасы 30 миллион долларды түзөт. Долбоордун максаттары экономикалык кризистин аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана эмгек мигранттарына тийгизген таасирин жумшартуу, ошондой эле социалдык жардам көрсөтүү программаларынын жана эмгек рыногунун натыйжалуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Келишим жаштардын квалификациясын жогорулатууга жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга багытталган иш-чараларды каржылайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости