www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теңгиз Бөлтүрүк камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери Теңгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок.

Теңгиз Бөлтүрүк 10-ноябрга чейин УКМКнын СИЗОсунда болот.

Эске салсак, 15-сентябрда Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын мурдагы тышкы менеджери, учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» улуттук холдингинин жетекчиси Теңгиз Бөлтүрүктү кармаганы белгилүү болгон. Камсыздандыруу боюнча адис Айша-Гүл Фронтбек кызы Джаналиева менен каржы департаментинин директору Рыспек Токтогулов дагы кармалган. Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын натыйжасында алдын ала эсептөөлөр боюнча мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости