www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жергиликтүү бийлик органдары менен болгон бүгүнкү республикалык кеңешмеде айыл өкмөт башчылары кеңеш бергенди токтотуп, конкреттүү бизнес-долбоорлор менен иштеши керектигин белгиледи. «Залда отурган жетекчилер конкреттүү сунуш, долбоорлорду даярдаңыздар. Кеңеш бергенге, анан ой айтканга мастер болуп калдык. Эл го макул, жетекчилер эмне аларга кошулуп баратасыңар, билбейм да.

Мага же өкмөттүн мүчөлөрүнө кирип, оюңарды айтып, кеңеш бербегиле. Бизнес долбоор менен келгиле, жумуш орундарын кантип түзүү боюнча ойлоруңар менен бөлүшсөңөр болот. Айыл өкмөттөн келип алып, мага макроэкономиканы кантип оңдосо болот деп үйрөткөндү токтоткула, урматтуу айыл өкмөт башчылары», — деп кайрылды Жапаров.

Ошондой эле, ал ички инвесторлорду тартуу, жеке секторду көтөрүү, жаңы ишканаларды ачууну негизги милдет катары кароого чакырды. Үч айдан кийин бул иштер боюнча айыл өкмөт башчылары менен акимдерден сурай турганын эскертти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости