www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумуш сапары менен барып, «Кара-Кече» көмүр кечесинин ишин көзөмөлдөдү. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, Акылбек Жапаров «Кыргыз-көмүр» мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышты.

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.

«Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл», - деди Акылбек Жапаров.

Андан соң көмүр казуучу компания өкүлдөрү иштин шартын жеринде жакшыртуу боюнча өз сунуштарын айтты. Мындан тышкары, көмүргө карата баа саясатына жана көмүр тармагын өнүктүрүүгө тийиштүү сунуштар талкууланды.

Белгилей кетсек, буга дейре министрлер кабинети тарабынан өлкө аймагында көмүргө карата бааны убактылуу мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бул чечим 2021-2022-жылкы күз-кыш мезгилинде көмүргө карата баанын өсүшүнө жол бербөө, калкты көмүр менен өз мөөнөтүндө жана туруктуу камсыздоо максатында кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости