www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова акыркы сапарга узатылды

Эл акыны Майрамкан Абылкасымова бүгүн, 18-октябрда, акыркы сапарга узатылды. Аны менен коштошуу зыйнаты Бишкектеги Опера жана балет театрында уюштурулган.

Бүткүл союздук Ленин комсомолу сыйлыгынын лауреаты, белгилүү акын жана Кыргызстандын жазуучулар союзунун мүчөсү М.Абылкасымова 16-октябрда 85 жаш курагында көз жумган.

Бүгүнкү иш-чарага маданият министри Азамат Жаманкулов, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Кыргызстандын улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, «Курманжан-датка» коомдук фондунун төрайымы Жылдызкан Жолдошева, КТРКнын баш директорунун милдетин аткаруучу Кайрат Иманалиев, маданият өкүлдөрү, маркумдун жакындары жана үй-бүлөсү катышты.

Акыркы сапарга узатуу зыйнаты Улуттук гвардиянын жоокерлеринин катышуусунда өтүп, маркум «Ала-Арча» көрүстөнүнө коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости