www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Turkmen.news жана Gundogar түркмөн басылмалары Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору (OCCRP) менен биргеликте "Пандора архивиндеги" файлдардан президент Гурбангулы Бердымухамедовдун жакындарынын мамлекеттик ишканаларда өндүрүлгөн карбамидди экспорттоодогу ролун аныктап чыкты.

"Гарабогазкарбамид" деген мамлекеттик заводдо өндүрүлгөн минералдык жер семирткичтерди экспорттоону менен Шотландияда катталган Caran Holdings LP аттуу күмөндүү компания ишке ашырган. Бул заводду куруу үчүн түркмөн өкмөтү Жапониянын эл аралык кызматташтык банкынан 1,16 миллиард доллар насыя алган. Ишканада президенттин жээни Хажимурат Режеповдун ролу чоң. Ишкананын расмий документтеринде ал 2020-жылдын январынан ноябрына чейин анын ээси болгону көрсөтүлгөн.

Дагы бир британиялык фирма (Delanore) Түркмөнстандагы ири ишканалар өндүргөн мунай жана химиялык өндүрүмдөрдү сатуу боюнча келишим түзгөн. Аны менен президенттин дагы бир жээни — Хажимураттын бир тууганы Шамураттын байланышы бар, — деп айтылат иликтөөдө.

Иликтөөнүн авторлорунун бири, OCCRP’нин Борбор Азия боюнча редактору Мэттью Купфер материалды даярдоодо түрдүү булактар пайдаланылганын, бирок негизги булак - миллиондогон офшордук компаниялар тууралуу документтер топтолгон "Пандора архиви" болгонун белгилейт.

2018-жылы өзүн Caran фирмасынын жаңы заводдогу өкүлү деп тааныштырган адам мамлекеттик "Түркмөнстан" гезитине интервью берип, алар ишканада өндүрүлгөн 1,2 миллион тонна карбамидди экспорттоо боюнча келишимге кол койгонун айткан. Ири өлчөмдө карбамид экспорттоодон тышкары, бул компания Түркмөнстанга минералдык жер семирткичтерди импорттоо менен да иштеген. Бердымухамедов 2018-жылы "Түркмөнхимия" мамлекеттик ишканасына 20 миң тонна аммофос импорттоо боюнча жарлыкка кол койгон. Анда бул боюнча Caran Holdings LP фирмасы менен 11,4 миллион долларлык келишим түзүлгөн.

Мындан тышкары, иликтөөнүн авторлору президенттин жээндери Дубайдын престиждүү райондорунан кыймылсыз мүлк сатып алганын аныктаган. Андагы маалыматка ылайык, бир тууган Режеповдор Дубайда жалпы баасы 5,5 миллион доллар түзгөн 16 батир алышкан.

Буга чейин жарыяланган башка журналисттик иликтөөлөрдө президенттин жээни Хажимурат Режеповго таандык компания Түркмөнстанга азык-түлүк импорттоо боюнча мамлекеттик келишимдерден он миллиондогон доллар таап жатканы белгилүү болгон.​

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости