www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай августта өзөктүк курал алып жүрүүгө жөндөмдүү гиперүндүү ракетасын сынаган. Бул тууралуу Financial Times басылмасынын өз булактары билдирип, бул Америка чалгынын "күтүүсүз кырдаалга" кептегенин белгилейт. Гезит жазгандай, ракета жашыруун сыноо учурунда бутага жете алган эмес, бирок "гиперүндүү куралды иштеп чыгууда болуп көрбөгөндөй укмуш прогресс" көрсөтүлдү. "Алар муну кантип жасаганын такыр түшүнгөн жокпуз", - деген өз булак.
Басылманын маектештеринин божомолунда, теориялык түрдө ракета Түштүк уюлдун үстүнөн өткөн болушу мүмкүн. Бул түндүк уюл багытына ыктаган АКШнын ракетадан коргонуу системасы үчүн маселе жаратышы ыктымал.
Пентагон сыноо жөнүндө комментарий берүүдөн баш тартат, бирок Кытайын аскердик активдүүлүгүнө тынчсызданып жатканын ырастайт. АКШ Коргоо министрлигинин өкүлү Жон Кирби Кытайдын аскердик мүмкүнчүлүктөрү "аймактагы жана анын тышындагы чыңалуунун өсүшүнө шыкакчы болоорун" билдирди.
Кытайдын АКШдагы элчилигинин өкүлү Лю Пэнъюй Бээжиндин аскердик саясаты коргонуу мүнөзүндө экенин айтат. Анын билдиришинче, АКШ сыяктуу эле, Бээжиндин да "аскердик операциялар боюнча глобалдык стратегиясы жана пландары жок". Ал АКШ акыркы убакта кытай коркунучу тууралуу "жомок ойлоп тапты" деп эсептейт.
Булак: NazarNews.kg