www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Искендер мырза, БШК соцтармактарды көзөмөлдөй алабы? Кандай шартта, кандай форматта? Анткени, азыр парламенттик шайлоого талапкерлер өздөрүнүн шайлоого аттанып аткандарын жар салууда, муну менен алар үгүттөө иштерин тымызын жүргүзүп аткандай сес калтырууда...

-- Ал кишилерди бирөөлөр соцтармактарга чыгарып коюп атат. Же өздөрү чыгарса деле үгүт иштерин жүргүзүп, “мени шайлагыла” деген жок. Анын үстүнө ошол соцтармактагы өздөрүн жарыялап аткандар катталыша элек. Эгер регистрация кылгандан кийин, расмий үгүт иштери баштала электе мыйзамсыз жактарга талапкер катары бара баштаса, муну атайын биздин БШКнын жумуш тобу карап чыгып, тийешелүү чара көрүүгө милдеттүү.

-- Катталгандарын жар салып, “мен Баланчаев, бир мандаттуу тиги округдан талапкер болуп катталдым” дегендери соцтармактарда жайылып кетти го?

-- Ал маселе боюнча азыр БШКга арыз түшө элек. Эгер арыз түшсө, ага укуктук баа берилет. Дагы бир нерсени айтып коюш керек, бизде “ачык маалымат” деген бар. БШК деле “Баланчаев Түкүнчө талапкер болуп катталды” деп сайтыбызга жазып атпайбызбы. Эгер ушундай маалымат жазылган болсо, анын эч чатагы жок. Ал эми “ушуга добуш бергиле” дегендерге тийешелүү чара көрүлөт. Ал жагын биз деле карап, көзөмөл кылып атабыз.

-- Добуш сатуу боюнча БШК кандай чара көрөт?

-- Бу жерде факт керек. Же болбосо добушун саткан адам өзү “мына, мага келип моминтип акча беришти. А мен алып койдум” деп арыз жазыш керек. Жумуш тобу ыкчамдуу түрдө керектүү тартип коргоо органдарына өткөрөт. Алар чын эле мыйзам бузуу боюнча чечим кабыл алган болсо, аймактык шайлоо комиссиясы ал талапкерди мыйзам негизинде алып салганга укуктуу.

Булак: Азия News гезити

Последние новости